Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

РЕСПУБЛИКАЛЫК ФОРУМ

2024-жылы 12-апрелде Бишкек шаарындагы Сити Отель мейманканасынын жыйындар залында «КР билим берүү жана кесиптик бирлик уюмдарынын социалдык өнөктөштүгү: милдеттер жана жоопкерчиликтер» республикалык форуму болуп өттү.

Форум КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети жана КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы фондунун колдоосу алдында уюштурулду.

Форумга КР Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги,  КР Билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин борбордук комитети,  республиканын райондук мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, жалпы орто билим берүү уюмдарынын,  КР Билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин областык, райондук/шаардык комитеттеринин жетекчилери катышышты.

 

Форумду КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы Абдыкадыр Дарданович Султанбаев алып барды.

Форум Кыргыз Республикасынын билим берүү жана кесиптик бирлик уюмдарынын социалдык өнөктөштүгүнүн учурдагы абалын талкуулоо, аны жакшыртуунун жолдорун жана багыттарын белгилөө, тараптардын жоопкерчиликтерин жана милдеттерин жогорулатуу максатында, жогорку уюшкандык менен иштиктүү маанайда өттү.

Форумдун ишине Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын Төрагасы М. Жумадилде уулу, Ф. Эберт фондунун Борбордук Азия боюнча координатору Филип Ян катышып, куттуктоо сөз сүйлөштү.

Форумдун башталышында КР Билим жана илим министри Д. Ш. Кендирбаева менен менен КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин торагасы А. Д. Султанбаевдин 2024-2026-жылдарга тармактык макулдашууга кол коюу иш чарасынын видео тасмасы көрсөтүлдү.

Төрага кесиптик бирликтин борбордук комитетинин социалдык өнөктөштөр менен жүргүзүп жаткан иштерге, ар кыл деңгээл, форматтардагы макулдашууларды аткарып, жүзөгө ашыруудагы тараптардын иш-аракеттерине ар тараптан, кеңири талдоо жүргүзүү менен, иштин келечек максаттарын аныктаган кеңири баяндама жасады.

Андан кийин күн тартибиндеги маселени талкуулоо боюнча жарыш сөзгө чыгышкан КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен облустук комитетинин төрагасы З. Н. Бөтөков, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т. И. Ишенбеков, Аламүдүн районундагы Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы Г. Э. Ниязова, И. Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору М. К. Чыныбаев, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору А. Т. Абдраева, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кесиптик бирлигинин төрагасы К. С. Жумабеков, Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М. Ж. Асанкожоев, Бишкек шаардык билим берүү департаментинин директору Р. М. Мусаева, Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А. М. Мусаева, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Москва райондук комитетинин төрайымы Т. В. Эсенканова, Ысык-Ата районундагы К. Рыскулов атындагы №2 жалпы билим берүүчү мектеп-гимназиянын директору Г. К. Сыдыкова, Бишкек шаарындагы №91 жалпы билим берүүчү мектеп-гимназиянын директору Э. А. Абдылдаев, Кара-Суу РПК төрайымы Н. А. Исраилова, Нарын РПК төрагасы М. Ж. Курманкожоев ж. б. өз ойлорун ортого салышты.

Натыйжада “КР билим берүү жана кесиптик бирлик уюмдарынын социалдык өнөктөштүгү: милдеттер жана жоопкерчиликтер” республикалык форуму билим берүү кызматкерлеринин эмгек укуктарынын сакталышын жана социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы чектери белгиленди жана келечектүү багыттары аныкталды.

Катышуучулар республикалык форум ийгиликтүү жана натыйжалуу өтүп, алдыга койгон максаттарына толук жетишкенин зор канааттануу менен белгилешти жана айтылган сунуштар, ой-пикирлер өнөктөштөрдүн кийинки ишмердүүлүгүнүн негизи болуп калат деген терең ишенимди билдиришти.

Соңунда республикалык деңгээлде биринчи ирээт өткөрүлгөн форумдун катышуучулары анын Резолюциясын бир добуштан колдоо менен кабыл алышты. Анда Форумдун катышуучулары макулдашуулар жана жамааттык келишимдер аркылуу билим берүү уюмдарында конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташтык орнотууну, эмгек мамилелерин натыйжалуу жөнгө салууну жана педагогикалык жамааттарда жагымдуу адептик-психологиялык маанай түзүүнү, кызматкерлердин эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону талаптагыдай деңгээлде жүргүзүүнү, билим берүү тармагындагы социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө социалдык өнөктөштүктү жакшыртуу боюнча милдеттерди өз убагында жана талаптагыдай аткарууну башкы милдет катары аныкташты.

Билим берүү жана кесиптик бирлик уюмдары социалдык өнөктөштүк катары билим жана илим кызматкерлеринин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн коргоону кеңейтүүнү, республикалык жана аймактык форматтарда иштиктүү байланыштарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштерди улантууну, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен өз иш-аракеттерин үзгүлтүксүз, тутумдук негизде жүргүзүүнү башкы багыт жана негизги максат катары белгилешти.

Акырында кесиптик бирликтин соиалдык өнөктөштөрү – айрым райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, райондук элге билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектеп директорлору, айыл өкмөт башчылары Борбордук комитеттин Төрагасынын эстелик кол сааты, “Кесиптик бирликтин мыктысы” төш белгилери жана Ардак Грамоталары менен сыйланышты.

Форум ушуну менен өз ишин аяктады.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети