Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Республикалык форум жөнүндө маалымат

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин областтык, райондук жана шаардык комитетинин төрагаларына

 

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети 2024-жылдын 12-апрелинде Бишкек шаарында “Отель Сити” мейменканасында “Кыргыз Республикасынын билим берүү жана кесиптик бирлик уюмдарынын социалдык өнөктөштүгүн чыңдоо” республикалык форуму КР Билим берүү жана илим министрлигинин, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын, кесиптик бирликтин областтык, райондук,  шаардык комитеттеринин жана жогорку окуу жайларынын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагаларынын катышуусунда өтө тургандыгын билдирет.

Форумга катыша турган райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын иш сапар чыгымдарын камсыз кылуу кесиптик бирликтин областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин төрагаларына тапшырылат.           

Форумга катыша турган райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын тизмесин кесиптик бирликтин Борбордук комитетине жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети