Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

«Профсоюздардын коомдогу таасири чындалууда»

- Асылбек Токтогулович, биздин байкашыбызча, жакындан бери эл арасында эле эмес,  массалык маалымат каражаттарында профсоюздар жөнүндө да сөздөр жандана баштагандай сезилет. Себеби эмнеде деп ойлойсуз?

- Туура байкапсыз. Анын негизги себеби -  профсоюздар өз ишмердигин заманбапташтырууга чечкиндүү кирише баштагандыкта турат. Анткени  - өлкөбүздөгү акыркы 20 жылдар ичиндеги  саясат жана экономикалык өзгөрүштөргө байланыштуу профсоюздар да коомдо өз ордун жана таасирин күчүтүп бекемдөөгө аракеттенүүдө. Анын максаты ушул жол менен эмгек, социалдык – экономикалык мамилелер чөйрөөсүндө эмгекчилердин  укуктарын жана таламдарын туруктуу, ишенимдүү коргоодо жатат.

- Сиз айткан аракеттерди фактылар менен тастыктап койбойлубу?

- Фактылар албетте көп. Айрымдарын айтсак деле жетишсе керек. Обьективдүү  далил катары бизден эмес, сыртан берилген баадан бир мисал келтирели. Биздин чакыруубуз боюнча ушул жылдын февралында өлкөбүзгө Эл аралык Эмгек уюмунун башкы адиси  Сергиус Главацскас келген. Кыргызстан профсоюз кыймылынын лидерлери, профактив менен жолугуп, семинарларга катышып,   кеӊири пикир алышкан соӊ, официалдуу түрдөгү  жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө: «акыркы 5-6 жылдарда Кыргызстан профсоюздарынын ишине мамлекеттик бийлик киришүүгө аракет жасап, профлидерлер тез-тез алмашылып жаткандыгы бизди кооптондуруп келди эле. Өткөн жылдан бери профсоюз көзкарандысыздыгын сактап калып, сырттан кийлигишүүгө  жол бербей, лидерлерин өзү шайлап, профсоюздун милдеттерин түз аткарууга киришип, социалдык өнөктөштөрү менен теӊ-тайлаш мамиледе проблемаларды чече баштагандыгына ишендик. Сиздердин баркыӊар эл аралык аренада чындалууда. Буга мисал – жер шарындагы эӊ ири ири профсоюздук бирикме – Профсоюздардын бүткүл дүйнөлүк Конференциясынын ассациациалык  мүчөсү болуп кабыл алынганыӊыздарды айтсак болот» - деп белгиледи.

- Сиздердин эл аралык байланыштарыӊыздарды кеӊейтүүгө кызыккандыктын максаты эмнеде?

- Анын башкы максаты – жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин профборборлорунун иш-тажырыйбасын үйрөнүү, маалымат алмашуу, биздин кадрларын кесиптик квалификациясын өстүрүүдөө, эмгекчилердин укугун, социалдык коргоосун жакшыртып жана республикабыздын эл аралык кадыр-баркын көтөрүүдө.

 Ушундан улам, биздин Федерация Шериктеш өлкөлөрдүн профсоюздар биримдигинин (Профсоюздардын жалпы Конфедерациясынын ишине активдүү катышып келе жатат). Эки тараптык кызматташуу да бекемделүүдө. Бүгүнкү күндө биз Орусия, Казакстан, Өзбекистан, Тажикистан, Азербайджан, Украина, Грузия жана башка мамлекеттер менен айрыкча тыгыз байланыштабыз.

 - Эл аралык тажырыйбаны пайдаланган албетте жакшы деӊизчи. Аны эске алып, Кыргызстан профсоюздарынын азыркы абалына сиз кандай баа берип, аны өсүп-өнүктүрүү жөнүндө кандай кадам жасайсыздар?

 - Эми чынын айтсак профсоюздар  кыймылын сактап калып, эмгекчилердин укуктары жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча  негизги милдеттерин аткарып келе жатканы менен, ал иш-аракеттеринин эффективдүүлүгү зарыл денгээлге жетпей келүүдө. Жаӊы шарттарда иштөөгө тете профсоюздук  уюмдарды реформалоо башталган болсо да, жоопкерчиликтин төмөндүгүнөн, жалпы бири-бирибизге  тиешелүү маселелерди чечүүдө тилектештиктин жана бирдиктүү иш аракеттер жетишпегендиктен реформа аксап келген.

Профсоюздардын ишмердигин заманбапташтырып  «модернизациялоого» чукул учур келди деген ойго келдик. Федерация мындай иштерди шашылбай, ойлонуп, макулдашып, биринчи иретте, албетте, республикалык тармактык, аймактык, жергиликүү профсоюздук уюмдардын лидерлери менен  өз ара кеӊешүүдөн кийин мыйзамдуу жолдо аткарууга ниеттенип жатат. Ушул максатта Эл аралык Эмгек уюмунун колдоосу менен өткөн жылдын 26-28 ноябринде «Профсоюздарды модернизациялоо боюнча стратегиялык пландаштыруу» - деген темада ири семинар өткөрүп, кеӊири ой-пикир алмаштык. Натыйжада, азыркы кырдаалга төмөнкүдөй чечкиндүү кадамдарды жасоого ынандык. Атап айтсак, эффективдүү  социалдык диалогду камсыздоо, эмгекчилер менен профсоюздун кызыкчылыктарын   жактап, бийликтин мыйзам чыгаруу жана аткаруу органдары кабыл алган чечимдерине активдүү таасир берүү, бүгүнкү күндөрдүн экономикалык түзүмдөрүнө  жана ааламдаштыруу процесстерине шайкештикке, ошондой эле, профсоюз кыймылынын уюштуруучулук жана финансылык мүмкүнчүлүгүн оптималдык вариантын  тандап алуу боюнча иш чараларды кабыл алып, ишке реалдуу ашыруу кадамдарды жасообуз керек.

Семинарда профсоюз кыймылынын биримдигин чындоо, коллегиялык органдарыбыздын чечимдерин аткарууда катуу тартипти жана жоопкерчиликти күчөтүү, профсоюзга мүчөлүккө кызыгууну жогорулатуу, жаштарды профсоюзга тартуу, кадрлар менен иштөөнү, маалыматтык жумуштарды жакшыртуу, профкыймылдагы  тармактык майдалыктарын жоюп, аны ирилештирүү  маселелерине айрыкча көӊүл бөлүп, аларды чечүү  зарылдыгы белгилендиги талашсыз. Албетте бул маселелер бири-бири менен тыгыз байланыштуу. Аларды комплекстүү чечилиш жолдорун иштеп чыктык. Жакында ушул милдеттерди ишке ашыруунун тастыкталган иш чараларынын  Федерациянын кеӊешинин пленумунда  кабыл алып, аны сөзсүз аткарууга киришебиз.

- Аларды ишке ашурууга сиздерде  эрк, тажырыйба жана мүмкүнчүлүктөр жетээрликпи?

- Жетишээрлүү. Калктын кадырына жетип, социалдык – экономикалык коргоо боюнча профсоюздардын иш тажырыйбасы, ыкмалары  көп түрдүү. Көп сүйлөгөндөн көрө көп иш кылган жакшы эмеспи. Ал эми фактылар менен айта берсек, маегибиз мактаган  окшоп калбасын. Жакынкы убакыттагы иштерден бир эле фактыны келтирейин. Мисалы: Жалданма кызматкерлердин эмгек акыларын, анын ичинде минималдык акыларынын деӊгелин белгилөө үчүн жамааттык  сүйлөшүүлөрдүү жүргүзүүнүн жаӊы ыкмаларын колдоно баштадык. Натыйжада, 2012-жылдын биринчи жарымында эле өткөн жылдын тийштүү мезгилине салыштырганда ортончо айлыктын өлчөмү 28 пайызга көтөрүлдү.  Минималдык эмгек акысы төмөн боюнча калса да, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын КР Өкмөтү менен сүйлөшүүсүнүӊ негизинде, анын өлчөмү 2013 – 2015 жылдарга каралган Генералдык макулдашууларга жашоо минимунун чегинде белгиленди.

 

Эмгекке байланышкан маселелерди цивилизациялык жол менен чечүүгө профсоюздар өз кезегиндеги демилгеси, сунуштаган жана кабыл алынган көптөгөн мыйзамдар менен бекем укутук негиздер түзүлгөн. Аларга таянып, профсоюздар эмгекти коргоо боюнча мыйзамдын дана башка нормативдик актылардын администрация тарабынан сакталышына көзөмөл жана контролду туруктуу жүргүзүп келе жатат жана аны мындан ары күчөтүү аракетиндебиз.

Ал үчүн биз ишмердигибизди күндөлүк маселелерди гана өрт өчүргүчкө окшоп чечпей, илимий изилдөөлөргө таянып кыргыздын жети өлчөп бир кес деген макалын эске алуу менен өнүгүү стратегиясынын негизинде иштөөгө багыт алып Федерациянын алдында Эмгек академиясын уюштуруп жатабыз.

- Маегиӊизге рахмат.

 

 

(Пресс kg газетасынын материалынын негизинде).