Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Профсоюз биздин күчүбүз, жатакана биздин үйүбүз

Бишкек гуманитардык университетинин профсоюздук комитети тарабынан студенттик жатаканада 25-сентябрдан 25-октябрь аралыгында “Эң мыкты бөлмө” жана “Эң мыкты секция” аталышындагы бир айлык сынак жарыяланган. Сынактын негизги максаты болуп, студенттерди тартиптүүлүккө жана тазалыка чакыруу урааны болду. Иш чараны уюштурууда окуу жайдан атайын көз карандысыз комиссия түзүлүп, жатаканада жашап жаткан студенттер менен тыгыз иш алып барышып, калыстык менен жыйынтыгын чыгарышты. Жеңүүчүлөрдү тандап алууда негизги критерийлер болуп, студенттердин жүрүш турушу, жатакананын ички эрежелерин сактоосу, секциянын жана бөлмөнүн жасалгаланышы, коомдук иштердеги активдүүлүгү, профсоюздук комитеттин ишмердүүлүгүн жайылтууда кошкон салымдары каралды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо студенттер күнүнө карата 16-ноябрда студенттик шаарчада уюштурулуп, профсоюздук комитет тарабынан даярдалган баалуу белектер тапшырылды. Жыйынтыгында “Күз периси” кароо сынагы өткөрүлүп, жатакана жетекчилиги жана студенттер ыраазычылыгын билдиришип, профсоюздун ишмердүүлүгүн бийик баалап, ийгилик каалап өтүштү.

 

 

Материалды даярдаган А.Сатиев