Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Педагогикалык жамаатта жагымсыз жагдай

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети өткөн апта ичинде Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Бабур атындагы №5 жалпы билим берүү орто мектебиндеги кыргыз тили жана адабияты  сабагынын мугалими И.А.К байланыштуу жагдай боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Бабур атындагы №5 жалпы билим берүү орто мектебиндеги эмгектенген педагогикалык кызматкерлер арасында жаралган пикир келишпестиктин натыйжасында мугалимдин денесине залал келтирилип жыйынтыгында анын ооруканага түшүшү менен коштолгон педагогикалык этикага туура келбеген бул окуя республиканын агартуу тармагында эмгектенген  кызматкерлерди тынчсыздандырып, жалпы коомчулук ичинде аркыл пикирди жаратты.

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин тапшырмасы менен кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы М. Примкулов, Сузак райондук комитетинин төрагасы Н.Урайимов  жабыр тартып, ооруканада дарыланып жаткан мугалимге жолугуп, ал-ахыбалын сурашты, дары-дармек алуу үчүн материалдык жардам көрсөтүштү. Ошондой эле оорукананын дарыгерине жолугуп, оорулуунун абалы боюнча пикир алмашты.

Ошону менен катар кесиптик бирликтин өкүлдөрү жеринде Бабур атындагы №5 жалпы билим берүү орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун жалпы мүчөлөрү менен жолугушту. 

 Окуя азыркы мезгилде Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, атайын тергөө иштери башталган. Жагымсыз ушундай жагдайдын педагогикалык жамаатта болушу жакшы көрүнүш эмес. КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети тергөөнүн жыйынтыгын күтө турууну жана окуянын мындан ары өнүгүшүнө  мугалимдердин укуктарынын бузулбашына байкоо жүргүзүүнү кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетине, Сузак райондук комитетине тапшырды жана бул ишти кесиптик бирликтин Борбордук комитети өзүнүн көзөмөлүнө алды.

 

Маалыматты даярдаган: КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети