Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Панфилов райондук Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин отчеттук шайлоо конференциясы

Панфилов райондук Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин отчеттук шайлоо конференциясы 2019 – жылдын 29 – ноябрында Панфилов орто мектебинин базасында өткөрүлдү.

Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович жана баштапкы кесиптик бирликтерден  шайланып келген 46 делегаттар катышышты. Конференцияда кесиптик бирликтин төрайымы А.С.Абдраимова отчеттук мезгилде жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу  баяндама жасады.

Ошондой эле текшерүү комиссиясынын төрайымы Н.В.Сидоренконун отчету угулду. Конференциянын делегаттары райондук комитеттин жаңы тутумун жана текшерүү комиссиясын шайлашты.

Райондук комитеттин төрайымдыгына бир добуштан А.С.Абдраимова шайланды.

 

 

Даярдаган:

Өзүбекова Нарынкүл