Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Орозо айтыбыз маарек болсун!

                                  Урматтуу билим берүү жана илим тармагынын кызматкерлери!

                                                       Ардактуу кесиптик бирлик мүчөлөрү!

                                       Сиздерди айт майрамыңыздар менен куттуктаймын!

                             Айт маарек болсун! Орозо кармагандардын орозосу кабыл болсун!

 

      Орозо айт — кайрымдуулуктун жана кубанычтын жышааны, элибиздин эзелтеден бери белгиленип келе жаткан салттуу майрамдарынын бири. Бул күнү элибиз салт катары бири-биринин үйүнө каттап, даам сызып, изги бата-тилектерин айтып келишет. Бүткүл ислам дүйнөсү бул күндү мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн жана жаңылануунун белгиси катары тосуп алат.

      Орозо тутуу – бул тазаланууга, кең пейилдикке, кечиримдүүлүккө жана боорукерликке умтулууну билдирет. Миңдеген жылдар бою орозо айында элибиз келечекке ниет кылып, Жараткандан жерибиздеги тынчтыкты, элибиздеги ынтымакты тилек кылган.

      Жараткан жерибизге ынтымак, тынчтык, береке, элибизге сабырдуулук, биримдик, бак-таалай берсин!

      Орозо кармаган бардык мусулмандардын кармаган орозосу кабыл болуп, каалоо-тилектери орундалсын, ар бир үйдө тынчтык, токчулук, береке, ынтымак жана аманчылык болсун! Жараткан колдоп, Кыргызстаныбыз өсүп-өнүккөн, алдыңкы, кубаттуу өлкө болсун!

      Орозо айт ар бир үй-бүлөгө жакшылык, кубаныч алып келсин!

      Айтыңыздар  маарек болсун!

 

                                                                                   Урматтоо менен,

                                                            Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

                                                                 кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин

                                                                    борбордук комитетинин төрагасы                     А.Токтогулов