Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Окутуу-семинары болуп өттү

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети 2024-жылдын 11-мартында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин жаңы шайланган төрагалары үчүн окутуу-семинарын өткөрдү.

Окутуу-семинарына Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин жаңы шайланган төрагалары М.М.Примкулов (Жалал-Абад), Н.А.Урайимов (Сузак), К.К.Ажыбаева (Токтогул), Д.Ш.Жумабеков (Айтматов), Э.Б.Курманбаев (Ысык-Көл), У.Ж.Жылтыров (Ак-Талаа), К.М.Керимова (Балыкчы), Г.Б.Осмоналиева (Талас), Г.Ш.Акмолдоева (Каракол), З.Д.Атаканов (Таш-Көмүр), Н.К.Солпиев (Бакай-Ата) жана кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин аппарат кызматкерлери катышышты.

Окутуу-семинарында КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев өз сөзүндө кесиптик бирликтин областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин алдында турган милдеттерге кеңири токтолду. Кесиптик бирликтин башкы милдети билим берүү кызматкерлеринин эмгек укугун коргоо, эмгек мыйзамдарынын аткарылышына коомдук көзөмөлдү жүргүзүү экендигин баса белгиледи.

Кесиптик бирлик комитеттери райондук, шаардык мамлекеттик администрациясы жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү менен түзүлгөн “ Үч тараптуу макулдашуулардагы”  талаптарды аткаруу боюнча иштерди активдештирүү, кандайдыр бир жамааттык эмгек талаш-тартыштарды чечүүдө кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого көңүл буруу керектигине токтолду. Ошондой эле социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча  баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында да “Үч тараптуу макулдашуулар” түзүлүп, кызматкерлердин иштөө жана жашоо шартын жакшыртуучу талаптарды эске алуу сунуштары айтылды. Ар бир кесиптик бирликтин төрагаларына баштапкы кесиптик бирлик уюмдары менен иштөөнү активдештирүү жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрүнө  азыркы учурдагы көйгөйлөр боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен ар бир баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында болуп, анын мүчөлөрү менен болгон байланышты күчөтүү талабы коюлду.

Ошондой эле  төрага А.Султанбаев маалымат иштерине да айрыкча көңүл буруу керек экендигин кошумчалап, кесиптик бирлик комитеттери тарабынан көрсөтүлгөн жардамдар, кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча уюштурулуп жаткан иш-чаралар  көз жаздымда калбоо керектигин айтып, социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу маалымдоо, кеңири жайылтууга көңүл бурулушу керектигин айтты.

Кесиптик бирликтин Борбордук комитети тарабынан “Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин ишмердүүлүгүн 2024-2029-жылдарга өнүктүрүү программасы” иштелип ар бириңиздерге берилди. Бул программа  кесиптик бирликтин областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин иш-планын түзүүдө сөзсүз колдонууга алынышы керек жана ар бириңиздер үчүн ишмердүүлүктүн жол картасы болушу зарыл. Ошондой эле ар бир райондук, шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин ишмердүүлүгүн баалоо критерийлери иштелип жатат. Эми ар бириниздердин ишмердүүлүктөрүңүздөр баалоо критерийлеринин негизинде бааланып, жыйынтыктар чыгарылат.

Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин аппарат жетекчиси Б.Кадыркулов кесиптик бирликтин областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин төрагаларына  “КР Эмгек мыйзамдуулугун аткарууда билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин милдеттери жана кесиптик бирлик комитеттеринин ролу” жөнүндө слайд аркылуу кеңири маалымат берүү менен төрагалар тарабынан берилген эмгек мыйзамдуулуктары боюнча суроолоруна жоопторду берди.

Андан кийин  Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарова билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунда уюштуруу иштеринин жүргүзүлүшү, кесиптик бирликтин областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин иш кагаздарынын номенклатурасы жөнүндө слайд менен маалымат берип өттү. Ошондой эле кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Абикова билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин каржы иштеринин жүргүзүлүшү жөнүндө маалымат берүү менен кесиптик бирлик комитеттеринин берилген суроолоруна жооптор берилди.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы М.Примкулов, Токтогул райондук комитетинин төрайымы К.Ажыбаева, Балыкчы шаардык комитетинин төрайымы К.Керимова жана Ысык-Көл райондук комитетинин төрагасы Э.Курманбаев күн тартибиндеги маселелер боюнча өз ой пикирлери менен бөлүшүшүп, кесиптик бирлик комитеттеринде жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө маалымат беришти.

Окутуу-семинарынын соңунда кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев областтык, райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин жаңы шайланган төрагаларынын иштерине ийгиликтерди каалоо менен кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүн активдештирүүгө чакырды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети