Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ОГПИнин жамааты врачтарга 150 000 сом акчалай колдоо көрсөттү

ОГПИнин жамааты врачтарга 150 000 сом акчалай колдоо көрсөттү

Б.ЗУЛУЕВ: ЭЛ ҮЧҮН АК КЫЗМАТ КЫЛГАН АЗАМАТТАРЫБЫЗГА ЧЫН ДИЛДЕН КОЛДООБУЗ БОЛСУН!

Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун жатаканасындагы обцервацияда COVID-19 илдети менен күрөшүп жаткан жалпы кызматкерлерге окуу жайдын жамаатынан атынан акчалай сый акы тапшырылды.

Бир нече убакыттан бери өз үй-бүлөлөрү менен көрүшө албай, учурдун тартибин так аткарып, бейтаптардын өмүрүн сактоого эмгегин арнап жаткан ак халатчан азаматтарыбызга, коомдук тартипти көзөмөлдөгөн күч кызматкерлерине ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында жетекчиликтин демилгеси, жамааттын колдоосу менен жалпы 150 000 сом акча каражаты каралган.

Аталаган каражатты бүгүн ректор Бекмурза Зулуев расмий түрдө мында иш алып барып жаткан врачтарга 5000сомдон, медайымдарга 3000 сомдон, санитардык кызматкерлерге 2000сомдон жана таптип сакчыларына 3000сомдон бөлүштүрүп тапшырды.

Ошондой эле ректор өз сөзүндө “Эл үчүн кылган кызматыңыздардын акыбети кайтат, учурда бүтүндөй эл-журт медицина кызматкерлерине муктаж болуп, бул кесип ээлеринин кадыр – баркы жогору экенин туюп, билип турабыз. Биз да ушундай абалды көрүп четте карап тура албайбыз, жамаатыбыз менен келишип, сиздердин ак кызматыңыздарга, үй-бүлөңүздөргө аз да болсо колдоо болсун деп ушундай акчалай көмөктөшүү чечиминее келип отурабыз. Сиздерге күч-кубат, биз сиздерге абдан муктажбыз, андыктан бекем ден-соолук каалайбыз, эч оорубаңыздар” деп өз ыраазычылыгын билдирип өттү.

Ал арада врачтар да окуу жайга өз ыраазычылыктарын билидиришип, буга чейин жалаң гана медициналык каражаттар менен колдоолор болуп жатканын белгилешти. Муну менен катар жеке кызматкерлер үчүн бүгүнкүдөй акчалай колдоо да баарыбыз үчүн зарыл экенин кошумчалап, “мекен алдында берген антыбызды так аткарууга даярбыз” деп кайрадан өз жумуштарына киришишти.

Белгилей кетсек учурда ОГПИнин жатаканасында 60тан ашык бейтап, даарыгерлердин көзөмөлүндө коронавирус жана пневмания данрты менен күрөшүп жатышат. Мында жалпысынан элүүгө жакын жумушчу 2 тайпага бөлүнүп, алмашуу тартиби менен иш алып барышууда.