Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ОГПИ менен Япония кызматташтыгы жаштарга жагымдуу шарт жаратууда

2020-жылдын 3-декбарында ОГПИнин “Социалдык иш” тармагы менен Япониянын “Юмехащи” компаниясынын ортосунда келишим түзүлдү. Келишимде аталган тармакта окуп жаткан студенттерди, бүтүрүүчүлөрдү Япониянын социалдык мекемелерине практикага жөнөтүү жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу боюнча эки тараптуу макулдашуу болду. Эскерте кетсек, буга чейин ОГПИнин социалдык иштер багытында окуп жаткан 10го жакын студенттер Японияда практика өтөп келишкен.   Студенттер өздөрүн жогорку деңгээлде көрсөткөндөрү үчүн дагы көптөгөн кызматташууну каалап жаткандыгы айтылды. Ошондой эле аталган тармактагы Дастан уулу Нуртилек япон тилин стипендиялык негизде окууга жолдомо алып өткөн айдын 25де Япониянын Чиба шаарына учуп кетти. Жыйынтыгында “Юмехащи” компаниясынын Япониядагы директору Масахиро Курихара мырза бир эле “Социалдык иш” тармагы эмес Аймак таануу” жана башка тармактагы студенттерди Японияга жиберүү боюнча көптөгөн программалар менен иш алып баруу жөнүндө да алдыда келишимдер болоорун толуктады.