Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Обкомдордун, райшааркомдордун жана окуу жайларынын төрагаларына

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                       

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун

БК түзгөн №1 ПОТ стат. отчетун кабыл

жана толтуруу тууралуу түшүндүрмө каты.

    Сиздерге белгилүү болгондой КПФ кабыл алган эмгекчилердин укуктарын коргоо иштери боюнча №3, эмгек укуктарын коргоо жана коомдук көзөмөл жүргүзүү иштери боюнча №19-ТИ стат.отчеттору бар, бул стат.отчеттор КПФ жылына эки жолу берилет. Бул стат. отчеттор КР Улуттук стат. комитети, Мамэкотехинспекция талап кылган маалыматтар менен гана чектелип, андан башка дагы профсоюздук комитеттердин милдети болгон, укук жана эмгек укуктары боюнча аткарылган, аткара турган иштердин так маалыматтары берилбей көмүскөдө калып калууда. Профсоюздук комитеттердин бүгүнкү күндөгү милдети аткарылган иштердин так цифралык көрсөткүчторү боюнча стат. отчетту райондук, шаардык комитеттер баштапкы профсоюздук уюмдардан так цифраларды алып, №1 ПОТ стат. отчетун областтык комитетке, БК жылына эки жолу берип, иштеп жаткан иштер боюнча маалыматтарды облрайшаардык комитеттер, Борбордук комитет коомчулукка жана мамлекеттик органдарга үзгүлтүксүз билдирип туруу азыркы учурдун талабы болуп саналат.

    Борбордук комитет тармактык №1 ПОТ формадагы стат. отчетун негизгинен КПФ №3, №19-ТИ формаларындагы стат.отчетторунда жок, маалыматтарды алуу максатында билим берүү жана илим тармагы боюнча «Профсоюздук комитеттердин укук коргоо жана эмгекти коргоо иштерин жүргүзүүнүн абалы жөнүндо» №1 ПОТ формадагы стат.отчетун жарым жылда бир жолу, жылдын аягында бир жолу алынат. Мисалы, ФПК стат. отчетунда жок маалыматтар болуп төмөнкүлөр киргизилди:

1.Зыяндуу шарттагы жумушчу орундарды аттестациялоо, ага кошумча төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча маалымат.

2.Ондүрүштө болгон бөөдө кырсыктар, кесиптик жана эпидемиялык ооруларды изилдөө боюнча толук маалыматтар.

3. Билим берүү уюмдарында «эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча адистердин, комиссиялардын иштери жөнүндө маалыматтар.

4. Иш берүүчүлөрдүн демилгеси менен мыйзам бузуу менен бошотулган кызматкерлерди профсоюздук комитеттер, эмгек талаштары боюнча комиссия, мамэкотехинспекция жана сот органдары тарабынан эмгек укуктарынын корголушу боюнча иштердин так цифралык маалыматтарын алуу менен аткарылышын көзөмолдөө.

5. Билим берүү уюмдары профсоюздук уюмдардын көзөмөлү менен бирдикте кызматкерлерди жумушка кабыл алууда кирүү, жумушчу орундарды алгачкы жолу ж.б. инструктаждардан өткөрүү боюнча так маалыматты алуу киргизилген.

Эгерде бул маалыматтар алына турган болсо аймактардагы профсоюздун облрайшаардык комитеттердин укук коргоо, эмгекти коргоо багытындагы иштерин жетекчилик кылууга жана толук анализ жүргүзүүгө негиз болот.

№1 ПОТ стат. отчетун толтурууга түшүндүрмө.

1-графа. Облрайшааркомдордо толук, жарым штата, айкалыштырып жана келишим менен иштеп жаткан бардык укук жана эмгекти коргоо инспекторлордун жалпы саны жазылат.

2-графа. Билим берүү уюмдарында кызматкерлердин саны 50 ашкан ар бир уюмда «эмгекти коргоо» кызматы түзулушү керек (КР ЭК 222-статья). Билим берүү уюмдарында иштеген эмгекти коргоо боюнча адистин (райБББ эмгекти коргоо ишин жетектеген адисти кошкондо) жалпы саны.

3-графа: Билим берүү уюмунда же профкомдун алдында түзүлгөн эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча комиссиянын жалпы саны.

4-графа: Билим берүү уюмдарында жумушка кабыл алууда инструктаждан өткөн кызматкерлердин жалпы саны, «анын ичинен» инструктаждын бардык түрлөрүнөн өткөндөрдүн жалпы суммасын бериши мүмкүн эмес.

5-графа: Иш берүүчүлөрдүн демилгеси менен кызматтан бошотууда пайда болгон эмгек талаштарын профком, эмгек-талаштары боюнча комиссия, госэкотехинспекция жана сот органдары тарабынан укуктары корголгон кызматкерлердин жалпы саны, анын ичинен бардык кызматтан бошогондордун жалпы санынын суммасын бериши да, бербей калышы да мүмкүн.

6-графа: Кызматкерлердин, жумушчулардын эмгегин коргоо иштеринин аткарылышы боюнча иш берүүчүлөр менен профкомдун ортосунда түзүлгөн келишимдердин жалпы саны.

7-графа: Жылыга билим берүү уюмдарынан эмгекти коргоо, коопсуздукту сактоо үчүн атайын кийимдер, сут азыктарын берүүгө бөлүнгөн каражаттардын суммасы (сом менен).

8-графа: Билим берүү уюмдарында аттестациялык комиссия аныктаган зыяндуу шартта иштеген кызматкерлердин жалпы саны, «анын ичинен» жөлөкпул төлөнгөн кызматкерлердин саны менен жөлөкпул төлөнбөй жаткан кызматкерлердин санынын суммасын чыгарып туруп көрсөтүү керек.

9-грава: Зыяндуу шартта иштеген жумушчу-кызматкерлерге бир айда берилуучу төлөмдүн жалпы суммасы, алты айга көбөйтүлүп, жарым жылдык суммасы чыгат, ал эми жылдык отчетто бир айлык төлөмдүн суммасын 12 айга көбөйтүү менен жылдык суммасы чыгат.

10-грава: Билим берүү уюмдарында жумушчу-кызматкерлердин медициналык кароодон өткөндөрдүн жалпы саны, анын ичинен акысыз өткөрүлгөндөрдүн саны менен бирдей болушу мүмкүн эмес жана медициналык кароодон акысыз өткөрүлгөндөрдүн саны көп болушу керек. 11-графа: Кесиптик жана эпидемиялык оорулар боюнча изилдөөлөрдүн саны көрсөтүлөт.

12-графа: Кесиптик оорулар боюнча айына жөлөкпул алгандардын саны, 11- графадагы изилдөөлөрдүн саны менен барабар болушу мүмкүн эмес.

13-графа: Ондүрүштө болгон бөөдө кырсыктарды изилдөөлөрдүн жалпы саны, жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөсү менен берилиши керек.

14-графа: Ондүрүштө болгон кырсыктан айына жөлөкпул алган кызматкерлердин саны.

Эскертүү: 1-графа боюнча иштеп жаткан инспекторлордун толук маалыматы берилиши керек. 5-9-11-12-13-графалар боюнча жазуу жүзүндө толук маалымат жазып берүү керек.

Түзгөн: Б.Кадыркулов