Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Нооруз майрамыңыздар менен!

Нооруз майрамында калайык-калкты, түптүү кыргыз журтун, өзгөчө билим берүү тармагында эмгектенип жаткан кесиптештеримди жанданган, жашарган Жаңы жылы менен чын дилимден куттуктаймын. Тарых жана маданият жылында, кыргызды дүйнөгө таанып жаткан, кыргыздарды ынтымакка, тарыхтагы чоң изибизди тааныганга чакырамын. Ар бир кыргыз жигит-кызы, аксакалы- байбичеси, келини, аялы - ар ким мамлекетибизди, элибизди бейкутчулукка, бактыга жеткириш үчүн аракет кылышын бир кудайдан тилеймин. «Ардактуу кесиптештерим! Куттуу Нооруз майрамыңыздар менен! Күн менен түн теңелип, күлө келген улуу күндө элибизди Кудай Таалам айыкпас балээден, жок жалаадан сактасын, ата бабаларыбыздын арбактары колдоп, иштерин оңдоп, ыймандуу, ырыс-кешиктүү, ынтымактуу болсун. Заманыбыз тынч болуп элибизде токчулуктун мол болушун каалайм!»

Алас, алас, алас ар балээден калас!
Жыл тогошуп, жерге, сууга, чөптөргө, 
Жымыңдаша каректерге чөккөндө,
Жылдыз конгон Алатоонун койнуна
Санжыргалуу Нооруз келди көктөмдө.

Жаңы күндү Теңир берди,
Көңүлүң улустуу, өмүрүң ырыстуу болсун!
Шаттык күлкү жаңырып,
Шаң жаңырсын көктөмдө.

Чертсең чертчи комузчу,
Элжиресин эт жүрөк
Ынтымак орноп ар үйгө
Ак таңдай болсун пейлибиз.
Ак тилектер айтылып,
Арзанчылык мол болсун!

 

Урматтоо менен,

билим илим кызматкерлеринин профсоюзунун

Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы                                   К.С.Кудаяров