Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Нооруз

       Бишкек гуманитардык университетинде Нооруз майрамына карата жогорку деңгээлде уюшулган иш чара болуп өттү.Нооруз майрамын БГУнун Профсоюз комитети менен администрациясы биргеликте өткөрүштү. Майрамга Иран мамлекетинин Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Али Мужтоба Рузбахони катышты. Иш чаранын жүрүшүндө майрамдык маанайдагы концерт, факультеттер аралык тамак-аш конкрусу уюштурулуп, студенттерге тамак берилип, спорттук оюндар өткөрүлдү. Профсоюздук комитети тарабынан жеңишке жеткен командаларга акчалай сыйлыктар берилди.