Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

НООРУЗ МАЙРЫМЫБЫЗ КУТ БОЛСУН

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Абдыкадыр Дарданович Султанбаевдин билим берүү жана илим кызматкерлерин

Нооруз майрамы менен

КУТТУКТООСУ

 

Алмуздактан бери карай ата-бабаларыбыз аздек тутуп, “жер жарылып көк чыккан, желин айрылып сүт чыккан”, күн менен түн теңелип, жаз көктөмү жаадырай – жаңы жашоого башат болгон Нооруз майрамы кайрадан жүз берди. Кыргыз баласы Улустун улуу күнү делген Нооруз – Жаңы күн менен көптөгөн изги тилек, илгери үмүтүн байланыштырат. Казан-казан сүмөлөгүн кайнатып, бири-бирине жакшы каалоо-тилектерин арнайт. Нооруз – жакшы тилектин, ырыс алды – ынтымак ырашкерликтин майрамы.

Биздин кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн тилеген тилек, аркалаган милдет, кылган иш-аракеттеринин максаты Нооруздун ой-тилеги менен үндөш, тамырлаш десем жаңылышпайм. Сиздер мына ошол Жаңы күндүн келечек ээлерине терең билим, татыктуу тарбия берүүнүн камында, кажыбас кайраттуулук менен эмгектенип келесиздер. Ылайым, аракетиңиздердин акыбети кайтып, эгемен элибиздин жаркын келечек ээлерин тарбиялай бериңиздер.

Ушундай улуу күнү – жаңы жашоонун башатында республикабыздын билим берүү жана илим тармагында иштеген – билим берүү жана илим кызматкерлеринин Кесиптик бирлигинин жүз миңдеген мүчөлөрүнө, жалпы кыргыз журтчулугуна чың ден соолук, жарык маанай, бакубат байгерчиликтүү жашоо каалайм.

Быйылкы Нооруз майрамынын дагы бир өзгөчөлүгү бар. Анткени быйылкы Нооруз майрамыбыз улуу Орозо айына туш келип отурат. Ошондуктан, урматтуу кесиптештер Орозоңуздар кабыл болсун айтуу менен, кош куттун түбөлүгү түз болуусун тилеп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мүчөлөрүн, бардык билим берүү жана илим кызматкерлерин Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Сиздердин жаш муундарга терең билим берип, Мекенчилдикке тарбиялоодогу татаал, ары жоопкерчиликтүү ишиңиздерге изги ийгиликтерди каалаймын! Чың ден соолукта болуп, бакубат өмүр өтөөңүздөргө ак дилден тилектештигимди билдиремин!

Бар болуңуздар! Алдыда аткарууну күткөн албан милдеттерибиз турат. Эгемен элибиздин бакубатчылыгына, ден соолугуна кам көрүп, укуктарын коргоого багышталган түйшүгү түмөн, ары жоопкерчиликтүү иштерде тилектеш эле эмес, жардамдаш болорубузга зор ишеним арткым келет.

Дагы бир жолу Нооруз майрамыңыздар менен!

Урматтоо менен,


Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы

Абдыкадыр Султанбаев