Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Нооруз майрамыңыздар менен!

Урматтуу билим берүү жана илим тармактарында эмгектенип жатышкан кайраткер кесиптештер! Сиздерди жадыраган жаз айынын өтө маанилүү, көрктүү жана сыймыктуу майрамы – Нооруз менен куттуктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп олтурам.

Чыгыш элдери күн менен түн тогошкон 21-мартты Нооруз же “Жаңы күн” деп кылымдар бою белгилеп келе жатышат. Миңдеген жылдар өтсө да бул майрамдын түрү менен маңызы болгону болгондой сакталып, чыныгы элдик майрам бойдон калууда. «Нооруз» деген сөз байыркы фарс тилинин «науризи» деген сөзүнөн алынып, бизче «нау» – “жаңы”, «рузи» – “күн” деген маанини билдирет. Демек, “Нооруз” “Жаңы жыл” же “Жаңы күн” деп которулат. Чыгыш элдери  мурда календарь жок мезгилде жаздын кандай болорун дал ушул күнү билип, “бул күндөн баштап табияттын жаңылануусу башталат” дешкен экен. Бул күнү күн менен түн теңелет. Тарыхтагы маалыматтарга таянсак, аталган майрам биздин заманга чейинки 7-6-кылымдарда эле пайда болгон жана Заостра аттуу пайгамбар негиз салуучусу катары белгилүү. Кыргыз эли байыртадан Нооруз майрамына чоң көңүл буруп, эски жылды узатуу, жаңы жылды тосуу үчүн ар кандай камылга көрүп келген. Майрамды өз деңгээлинде өткөрүү иш-аракеттерин «жыл ажыратыш» деп атап коюшкан. Ушундан улам «эски жыл ажырады, жаңы жыл жалгады» деп айтышкан. Бул күнү кыргыздар арча, адырашманды күйгүзүп үй ичин жана короо-жайын аласташкан.

Урматтуу кесиптештер!

Биз дагы ата-бабалардын салтын улап, Нооруз майрамында  бири-бирибизге жакшы ой-тилектерди, каалоолорду билдиришели, белек-бечкектерибизди тартуулашалы. Таарынычы барлар чын дилден бири-бирибизди кечиришели, “бардык чыр-чатак, араздашуу эски жыл менен кетсин” деп айталы. Бул күнү бардык көйгөйлөрдү унутуп, таарыныч, капачылыктарды артка таштап, Улуу күндү жагымдуу маанай менен тосуп алалы. Сиздерди дайыма ийгиликтер алга сүрөп, бекем ден соолук насип кылып, ынтымак ыроолоп, жакшылыктар эгиздеп, кубанычтар коштоп турсун!

              КР Билим жана илим

              кызматкерлер профсоюзунун

              Борбордук комитетинин төрагасы                                                     А.Токтогулов

 

 

 

 Дорогие коллеги!

Нооруз – это праздник весны и обновления, когда вся природа оживает, рождаются новые идеи, надежды, планы на будущее!

Позвольте мне, уважаемые работники образования и науки, искренне поздравить вас с праздником Нооруз и пожелать каждому из вас счастья, благополучия, твердой воли, здоровья, долгих лет жизни и больших успехов в труде.

Продолжая священные традиции наших далеких предков, желая себе и нашей земле достатка и мирной жизни, мы встречаем этот светлый праздник Нооруз в период обновления природы и ее цветения, когда крестьяне начинают обрабатывать землю, бросать в нее семена.

Пусть праздник Нооруз, являющийся символом духовного возрождения, олицетворением чистых помыслов, милосердия, мира и согласия, единства и братства, принесет много света и добра каждому из нас!

 

                          Председатель ЦК профсоюза

                         работников образования и науки КР                                                             А.Токтогулов