Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү -2016 жылдын женүүчүсү

               Ноокен  районунда  2017-жылдын  жыйынтыктары  чыгарылды.   Ноокен  районунда  билим  берүү  тармагын  окуу - материалдык  базасын  чыңдап,  билим  сапатын  көтөрүүнү  камсыздагандыгы,  билим  берүү  кызматкерлерине  эмгектенүү  шарттарын жакшыртуууга  жетишкендиги  үчүн  Ноокен   райондук  билим  берүү  бөлүмү  райондун  өтмө  Кызыл  Туусу  жана   1-даражалуу  Диплом   менен  сыйланды.  Ноокен  райондук  билим  берүү  бөлүмү  социалдык  өнөктөш  катарында  билим, илим  кызматкерлеринин   Ноокен  райондук  комитети  менен  тыгыз  байланышта  иштеп, билим  берүү  кызматкерлеринин  эмгектенүү  шарттарын  жакшыртууга, эмгекти  стимулдаштырууга  чоң  маани  берүүдө.  Макулдашууга  ылайык  2016-жылда 1448  кызматкерди  ден-соолугун  бекемдөө  жана  эс  алуулары  үчүн   3млн  213миң 50  сом  каражат  жумшалган.  Өзгөчө  белгилей  турган  эмгекти  стимулдаштыруу  максатында  чет  өлкөлөргө дем  алууларды  жергиликтуу  бюджеттердин  эсебинен  уюштура  баштады.  Ноокен  райондук  билим  берүү  кызматкерлери  сыйлыктарыңыз   кут  болсун.  Сыйлыктар  жаңы  иштерге  шыктандырды.

Материалды  даярдаган:  Ноокен  райБББнун адиси   Гулнура  Андарова.