Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Некролог: Жумаев Тургунбай

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы жана тармактык профсоюз орду толгус оор жоготууга учурады. 67 жаш курагында мыкты устат мугалим, профсоюздук ишкер жана уюштургуч жетекчи, акылын аябаган насаатчы, балдарына камкор ата жана досторуна таасын жолдош, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен райондук комитетинин мурдагы төрагасы Тургунбай Жумаев узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Жумаев Тургунбай 1954-жылы Тажик ССРинин Канибадам районундагы Жийдели кыштагында туулган. Тажикстандын Шураб шаарындагы №11 кыргыз орто мектебин 1970-жылы аяктап, ошол эле жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетине окууга өткөн жана бул жогорку окуу жайын  кыргыз тил, адабият мугалими адистигине ээ болуу менен аяктап, алгачкы эмгек жолун 1974-жылы Баткен районундагы Ю.А.Гагарин атындагы  орто мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган. Ал 1977-жылдан Баткен райондук билим берүү бөлүмүндө усулчу, райондук усулкананын башчысы, андан кийин мектеп инспектору болуп иштеп жүрүп, 1985-жылы райондогу Мурат Салихов атындагы орто мектепке директор болуп которулган. Мектепте анын демилгеси менен уюштурулган гимназияга өтүүчү сынамык аянтча уюштурулуп, 1994-жылы анын базасында уюштурулган Самаркандек гимназия мектебине директор болуп дайындалат. 1997-жылдан М.Салихов атындагы орто мектепте мугалим, 2000-жылдан Баткен райондук билим берүү жана маданият бөлүмүндө усулкана башчысы, андан кийин  райондук билим берүү жана маданият бөлүмүндө башчынын орун басары болуп иштеген.

Т.Жумаев 2001-жылы билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен райондук комитетинин төрагасы болуп шайланган жана бул ардактуу жана жооптуу кызматта 2019- жылдын март айына чейин 18 жыл үзгүлтүксүз эмгектенген. Ал  райондогу билим берүү уюмдарында иштеген кызматкерлердин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо талыкпаган эмгектерди жасап кетти. 18 жыл райкомго төрага болгон жылдар ичинде 3 жолу  райондук уюмдун кайра шайлоо конференциялары болуп, 3 жолу аны делегаттар бир добуштан кайрадан райондук комитеттин төрагалыгына шайлап келишкен. Бул анын педагогдор арасындагы өтө жогорку кадыр-баркы бар экендигин көрсөтүп турат.

Тургунбай Жумаевич райондогу билим берүү уюмдарындагы профсоюздун катарын чыңдоого көп көңүл буруп, баштапкы профсоюз уюмдарынын санын жана андагы профсоюз мүчөлөрүнүн катарын өстүрүүгө жетише алган. Ал ар жыл сайын бекитилген планга  ылайык райондук комитеттин  1 жолу пленумун, 4 жолу президиумдун отурумдарын, бир нече семинарларды өткөрүп турган.  Ал айрыкча билим берүү кызматкерлеринин укуктарын жана эмгектик кызыкчылыктарын жакшыртуу максатында социалдык өнөктөштүк мамилелерин райондук, аймактык жана жамааттык деңгээлде түзүүгө басым жасап келген. Ошондуктан, алардын ар бир деңгээлдеринде үч тараптуу макулдашуулар жана эки тараптуу келишимдер түзүлүп, алардагы аныкталган  милдеттенмелердин аткарылышы дайыма көзөмөлдө болуп турган. 2012-жылдан тартып анын активдүү катышуусу менен райондук мамлекеттик администрациянын катышуусу аркасында  “Мыкты социалдык өнөктөш – мектеп жетекчилиги”, “Мыкты социалдык өнөктөш – айыл өкмөтү”, “Мыкты социалдык өнөктөш – баштапкы профсоюз уюму” райондук кароо-сынактары уюштурулуп, макулдашуулардагы, келишимдердеги милдеттенмелерди жакшы аткарган айыл өкмөт башчылары, мектеп жетекчилери жана баштапкы профсоюз уюмунун төрагалары баалуу сыйлыктар менен сыйланып келди.

Тургунбай Жумаевич өмүрүнүн көпчүлүк мезгилин коомдук иштерге арнады. 1986-жылы Самаркандек айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган. КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү жана КР Журналисттер союзунун мүчөсү болуучу. Ал көп жылдар бою билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин жана Баткен облустук комитетинин мүчөсү болуп шайланган.

Тургунбай Жумаевдин Мекен жана эл алдында сиңирген бараандуу эмгеги ар дайым жогору бааланып келген. Ал “Эл агартуунун мыктысы”, «Билим жана илим профсоюз кыймылынын мыктысы»,  профсоюздун Борбордук Комитетинин «2005-жылдын Мырзасы»,  “Баткен районунун Ардактуу атуулу” Ардак наамдарына татыган. Профсоюздук жетекчи кызматта иштеген жылдарда билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын,  КР билим берүү жана илим министрлигинин,  тармактык профсоюздун Баткен облустук комитетинин,  Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын,  КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Т.Жумаев бир нече ыр жана кара сөз жыйнактарынын автору болгон. Ага 2002-жылы Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлык ыйгарылган.

Ал токтоо мүнөзү, илбериңки жумшак мамилеси, кары-жашка өтө турган  акыл-насааты менен дайыма айырмаланып турган. Тургунбай Жумаевич  үй-бүлөнү бекем сактаган жана ыйык туткан ардактуу ата, сүйүктүү жар дагы эле. Жубайы менен  уул-кыздарын татыктуу тарбиялашып, баарына татыктуу билим беришкен жана мыкты чоң ата – чоң апа боло алышкан.

Кош болуңуз, ардактуу кесиптешибиз Тургунбай Жумаевич!

Сиздин жаркын элесиңиз биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Борбордук Комитеттин президиумунун мүчөлөрү: А.Жайнаков, А.Сарыбаев, Ө.Молдокматов, С.Тойгонбаев, И.Афанасьева, Г.Султанбаева, М.Курманкожоев, Э.Бектуров, Б.Тыныбекова, А.Исмаилов, З.Бөтөков, Ф.Батырбаева, “Позиция профсоюза” газетасынын башкы редактору А.Адамалиев, профсоюздун Баткен райондук комитетинин төрагасы А.Зайитов, Борбордук Комитеттин аппараты, облрайшаар, ЖОЖ жана АКООЖ профсоюз комитеттери, Баткен областынын тармактык профсоюздук активи, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн аппаратынын эмгек жамааты, райондун жалпы мугалимдери такшалган уюштуруучулук зор жөндөмгө ээ жетекчи, дасыккан профсоюздук лидер, коомдук ишмер, адис педагог, мыкты акын жана жазуучу, ардактуу жар жана сүйүктүү ата Тургунбай Жумаевдин бул жарык дүйнө менен түбөлүк кош айтышкандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, балдар-кыздарына, тууган-туушкандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгыларын тең бөлүшөбүз. Кайрат кылыңыздар! Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!