Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Некролог - Темиров Абайылда Темирович

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы жана тармактык профсоюз орду толгус оор жоготууга учурады. 71 жашка караган курагында устат педагог, профсоюздук мыкты уюштургуч жетекчи, акылман насаатчы, камкор ата жана таасын жолдош, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кочкор райондук комитетинин төрагасы Абайылда Темирович Темиров узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитеттин президиуму жана аппараты, обкомдорунун, райкомдорунун, шааркомдорунун, ЖОЖ жана АКООЖ профсоюз комитеттеринин жамааттары, “Позиция профсоюза” газетасынын редакциясы маркумдун үй-бүлөсүнө, тууган туушкандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Абайылда Темирович Темиров өмүрүнүн туптуура 50 жылын билим берүү тармагына арнады. Алгач 1971-жылы Кочкор райондук спорт комитетинде инструктор, 1973-жылы балдардын спорттук мектебинде тренер-окутуучу болуп иштеп, тажрыйбага ээ болгондон кийин 1977-1984-жылдары Кочкор районунундагы XXV партсъезд атындагы орто мектебинде география жана тарых сабактарынан мугалим болуп иштеген. Мыкты адис мугалим катары таанылып, 1984-жылдан райондун билим берүү бөлүмүнүн усулчусу, райондук окуу-өндүрүштүк комбинатынын окуу бөлүмүнүн башчысы, райОНОнун усулдук кабинетинин башчысы, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп 1992-жылга чейин татыктуу иштеп келген.

Абайылда Темирович Темиров 1992-жылдын 30-октябрынан тартып райондук профсоюз уюмун үзгүлтүксүз жетектеп келди. Такшалган профсоюз лидери катары 29 жылдан бери райондогу кесиптештеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, эли-журтуна мыкты эмгек кылды. Ал Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун тарыхындагы сейрек кездешкен жетекчилердин бири болуучу, анткени ал 6 жолу кайрадан зор ишеним менен төрагалык кызматка шайланып келген. Абайылда Темирович Темиров Борбордук Комитет өткөргөн съезддерде, пленумдарда, президиумдарда, семинарларда, талкууларда, жолугушууларда ар дайым өзүнүн баалуу сунуштарын айтып, тажрыйбаларын бөлүшүп, бар акылын ортого салып келген мыкты насаатчы дагы эле.

Абайылда Темирович Темировдун Мекен жана эл алдында сиңирген бараандуу эмгеги ар дайым жогору бааланып келген. Ал “Эл агартуунун мыктысы”, “Методист мугалим” Ардак наамдарына мектепте иштеп турганында эле татыган. Ал эми профсоюздук жетекчи кызматта иштеген жылдарда билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын бир катар Ардак грамоталары, «Билим жана илим профсоюз кыймылынын мыктысы», “Кыргызстандын профсоюздарына сиңирген эмгеги үчүн» төш белгилери менен сыйланган. 2010-жылы Абайылда Темирович Темиров БКнын «Жылдын Бакайы» Ардак наамына татыган. Ага 2016-жылы “Кочкор районунун Ардактуу Атуулу” наамы ыйгарылган.

Абайылда Темирович Темиров жумшак мүнөзү, илбериңки мамилеси, пайдалуу акыл-насааты менен дайыма айырмаланып турган. Ал үй-бүлөнү бекем сактаган жана ыйык туткан ардактуу ата, сүйүктүү жар дагы эле. Жубайы Кочкор айылындагы Н.Жүндүбаева атындагы мектеп гимназиясында иштеген мыкты адис мугалим, «Билим берүүнүн мыктысы” Кубатбекова Расия менен 3 уул, 1 кызды татыктуу тарбиялашып, баарына жогорку билим беришкен жана мыкты чоң ата – чоң апа боло алышкан.

Кош болуңуз, ардактуу кесиптешибиз Абайылда Темирович!

Сиздин жаркын элесиңиз биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Борбордук Комитеттин президиумунун мүчөлөрү: Ж.Ташиев, А.Жайнаков, А.Сарыбаев, Ө.Молдокматов, С.Тойгонбаев, И.Афанасьева, Г.Султанбаева, М.Курманкожоев, Э.Бектуров, Б.Тыныбекова, А.Исмаилов, З.Бөтөков, Ф.Батырбаева, “Позиция профсоюза” газетасынын башкы редактору А.Адамалиев, Борбордук Комитеттин аппараты, облрайшаар, ЖОЖ жана АКООЖ профсоюз комитеттери, Нарын областынын тармактык профсоюздук активи, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн аппаратынын эмгек жамааты, райондун жалпы мугалимдери такшалган уюштуруучу, дасыккан профсоюздук лидер, коомдук ишмер, адис педагог, ардактуу жар жана сүйүктүү ата Абайылда Темирович Темировдун бул жарык дүйнө менен түбөлүк кош айтышкандыгына байланыштуу өмүрлүк жары Кубатбекова Расияга, балдарына, кыздарына, тууган-туушкандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгыларын тең бөлүшөбүз. Кайрат кылыңыздар! Абайылда Темировичтин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Система образования Кыргызской Республики и отраслевой профсоюз работников образования и науки понесли невосполнимую потерю. В возрасте 71 года, после продолжительной болезни скончался Абайылда Темирович Темиров, мастер-педагог, лучший профсоюзный деятель, мудрый наставник, заботливый отец и близкий друг, председатель Кочкорского райкома профсоюза работников образования и науки.


Абайылда Темирович Темиров посвятил образованию ровно 50 лет. Сначала работал инструктором Кочкорского райкома в 1971 году, в 1973 году - тренером детской спортивной школы, а после накопления опыта в 1977-1984 годах - учителем географии и истории в средней школе имени XXV съезда партии в Кочкорском районе. Признанный лучшим учителем, с 1984 года работал методистом районного управления образования, начальником учебного отдела районного учебно-производственного комплекса, начальником методического отдела районного учебного центра, заместителем начальника районного управления образования до 1992 года.


Абайылда Темирович Темиров – председатель Кочкорского районного комитета профсоюза с 30 октября 1992 года. За 29 лет, как опытный профсоюзный лидер, он проделал огромную работу, защищая права и интересы своих коллег в районе. Он был одним из немногих лидеров в истории профсоюза образования и науки Кыргызской Республики, который с большим доверием переизбирался шесть раз. Абайылда Темирович Темиров до последнего оставался лучшим наставником для молодых профсоюзных лидеров. На съездах, пленумах, президиумах, семинарах, дискуссиях, встречах, проводимых Центральным Комитетом, всегда высказывал свои ценные предложения, делился опытом и делился своей мудростью.


ЦК профсоюза работников образования и науки КР выражает искренние соболезнования родным и близким, разделяет их горе, поддерживает в часы скорби.