Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Нарын районунда семинар

      Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Нарын райондук комитети  тарабынан  ушул жылдын 20-апрелинде Эмгекчил  айыл аймагындагы  Т.Байбураев атындагы орто мектебинин жана “Эмгекчил  келечеги” бала-бакчасынын базасында билим берүү мекемелеринде“Техникалык,  санитардык коопсуздук эрежелери” жана “Эмгек талаш-тартыштары  комиссиясынын” иштери боюнча облустук деңгээлде семинар-кеңешме  өткөрулдү.

        Семинарга Кыргыз Республикасынын Билим жана илим  кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы  А. Токтогулов,  облустук методикалык борбордун башчысы К.Мамытов,раймамадминстрациясынын  башчысынын орун басары Р.Жумаева, райондук,шаардык билим берүү бөлумдөрүнүн башчылары,билим жана  илим кызматкерлер  профсоюзунун шаардык,райондук   комитеттеринин төрагалары, райондон  келген  өкүлдөр,райондун мектеп директорлору, бала бакчалардын башчылары,профсоюз уюмдарынын жетекчилери , массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү   катышты.

      Семинар  эки бөлуктон өткөрүлүп, биринчи бөлүгүндө мектеп жана бала  бакча менен таанышкандан  кийин техникалык, санитардык  эрежелерге байланыштуу физика, химия,биология, эмгек, информатика жана  дене-тарбия сабактарына  катышышып,  биринчи медициналык жардам  берүү эрежелери менен таанышышты.

       Семинарга катышкандарга мектептеги жана бала-бакчадагы  техникалык  коопсуздук кабинеттери  профсоюз уюмдарынын   бөлмөлөрү менен тааныштырылды. Ошондой  эле спонсорлордун акчалай жана керектүү инвентарлар  менен  класстардын  жазалгасына берген жардамдарына семинардын  катышуучулары күбө болушту. Ушундай эле мектептин подвалында  жайгашкан мугалимдер үчүн бош убактысында эс  ала турган жай- ашкана, окуучулар  үчун  күрөш  боюнча зал, алты комплектден турган  шахмат  доскасы бар экендигин көруштү.

        Семинардын  экинчи бөлүгүндө “Мектептерде эмгекти  коргоо комиссияларынын” иштери  жөнүндө анын  төрагасы К.Мусаев, “Эмгек талаш-тартыштары комиссиясынын” иштери жөнүндө Ж.Жолбунова “Мектептерде жана бала-бакчаларда санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо” боюнча облсанэпидстанциянын  врачы Г.Абамуслимова, “Эмгекти коргоо” боюнча Нарын регионалдык эхотехинспекциянын  башкы  адиси Ж.Чобиева “Мектептерде жана бала-бакчаларда өзгөчө кырдаал  мезгилинде жүргүзүлүүчү иш  аракеттер  боюнча Нарын  райондук  ӨКМ  бөлүмүнүн башчысы Д.Абдраев, мектептеги жана бала  бакчадагы профсоюз уюмдарынын иш  аракеттери боюнча М.Аламанов жана Г.Асаналиевалар презентацияларын  слайд  аркылуу көрсөтүп беришти.

        Семинардын    катышуучулары  К.Р. Билим жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы  А. Токтогуловго билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин, медайымдардын  айлык  акылары жана бекер берилүүчү путевкалар боюнча  суроолорун беришти.

      Бул  суроолорго А.Токтогулов кеңири түшүндүрмө берүү менен республикадагы  райондук  жана  шаардык профсоюздук комитеттердин төрагаларынын  кетирип  жаткан  кемчилдиктерине дагы  токтолду.

     Семинардын  жогорку  деңгээлде  өткөндүгүнө баа берүү менен мындай  семинарды  башка  райондордо  дагы  өткөрүп турууну  сунуштады. Ушуну менен семинарды М. Курманкожоев жыйынтыктап семинардын  катышуучуларына  терең  ыраазычылыгын билдирди.