Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мугалимдердин райондук Август Кеңешмеси

Август айында Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын жыйынлар залында мугалимдердин райондук август кеңешмеси болду.

Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев баштаган райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору, бала бакча башчылары жана мугалимдер катышты.

Кеңешме алгач, КР. Гимни менен салтанаттуу ачылган соң, райондук маданият үйүнүн кызматкерлеринин чакан концерти жана мектеп окуучуларынын салтанаттуу саламдашуусу менен башталды.

 

    Андан соң, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев мугалимдердин август кеңешмесине карата куттуктоо сөзүн сүйлөп, райондогу билим берүү тармагындагы аткарылып жаткан иштерге кеңири токтолду. жалпы 2 млн. 670963 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

     Андан соң, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Тынышов сөз сүйлөп, ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду. Ал өз сөзүндө белгилеп өткөндөй, өткөн 2015-2016-окуу жылында район аймагындагы 15 орто, 3 негизги жана 1 башталгыч мектеп, жалпы 19 мектепте 548 мугалим эмгектенишип, 4971 окуучу билим алышты. 11-классты 278 окуучу бүтүрүп, орто билими тууралуу аттестатка, 9-классты 313 окуучу бүтүрүп, күбөлүктөргө ээ болушту. 313 бүтүрүүнүнүн 173ү жогорку окуу жайларга, 43ү атайын орто окуу жайларына, 13 окуучу техникумга тапшырышты.

     Республикалык жалпы тестирлөөгө район боюнча 237 окуучу катышып, жыйынтыгында  108 лкуучу 110 баллдан жогору, 10 окуучу 150-177 баллга чейинки көрсөткүчтөргө жетише алышты.

     Кеңешменин жүрүшүндө, С. Байдөөлөтов атындагы Каныш-Кыя орто мектебинин физика мугалими Р.Байматова, Р.Чонатаева, Б.Чоюнова,  А.Алыбаевалар, Т.Жаналиев атындагы Чаткал орто мектебинин мугалими С.Өскөнбаева.
 В.И. Ленин атындагы мектеп-интернатынын тарбиячысы Г. Рамашеваларга “Ардагер мугалим” ардактуу наамдары салтанаттуу түрдө тапшырылды.

      Буга кошо эле, айыл аймак башчылары С. Мусабаев, Н. Мырзаяров, Б. Турдалиев, А. Рысбеков жана “Кичи Чаарат” кен фирмасынын өкүлү К. Мамакеев жана профсоюздардын райондук комитетинин  торагасы Ы.Кудайбердиевдер куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, райондук билим беру болуму менен билим беру  кызматкерлеринин  профсоюздарынын райондук  комитетинин  биргелешкен  заседаниесинин  токтомунун  негизинде бир нече мугалимдерге акчалай сыйлыктарын тапшырышты.

 Билим  беру жана илим  кызматкерлеринин  Чаткал

райондук профсоюз комитетинин  төрагасы                               Ы.Кудайбердиев