Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мугалимдердин укуктары корголот

Акыркы күндөрү республиканын айрым  билим берүү уюмдарынын жетекчилери тарабынан мугалимдерге туура эмес мамиле жасаган, ыдык көрсөткөн учурлар кездешүүдө. Мындай мыйзамсыз көрүнүштөр педагогикалык этикага ылайык келбегендиктен окуу-тарбия иштерине терс таасирин тийгизет. Мындай терс көрүнүштөр кесиптик бирлик комитеттеринин көз жаздымында калбашы керек, алар билим берүү кызматкерлеринин укуктарын жана таламдарын коргоо боюнча иштерди жүргүзө беришмекчи.

2023-жылдын апрель айында Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы “Ак-Суу жалпы орто билим берүүчү мектеп-интернаты” мекемесинин директору Ниязова Жеңишкүл Карабековнанын педагогикалык этиканы сактабай мугалимдин аброюна шек келтирип,  басынтып, орой сөздөрдү айтып, кол көтөргөндүгү тууралуу аудио социалдык тармактарга тараган.

Ушуга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен мектеп-интернатынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Алар окуу-тарбиялык процесстерин белгиленген укук-ченемдик актыларга ылайык уюштуруу жана аткаруу, жатаканада балдардын жашоосун камсыздоо, окуучулардын жеткиликтүү жана сапаттуу билим алуусун  ар тараптуу текшерүүгө алышты.

Түзүлгөн комиссиянын сунушунун негизинде КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги буйругуна ылайык “Ак-Суу жалпы орто билим берүүчү мектеп-интернаты” мекемесинин директору Ниязова Жеңишкүл Карабековна мыйзамсыз иш-аракеттери  үчүн ээлеген кызматынан бошотулду.

Билим берүү мекемелеринде иштеп жаткан мугалимдердин укуктары бузулган учурларда Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин  0312 625729 телефонуна жана tueswk@mail.ru электрондук почтасына кайрылыңыздар!

 

Маалыматты даярдаган: Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети