Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мугалимдерди эс алдыруу иш-чарасы башталды

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетине караштуу “Красная гвоздика” ден соолукту чыңдоо борбору (мындан ары - Борбор) 7-июндан тартып 12-июнга чейин региондордон жолдомо менен келген биринчи эс алуучуларды кабыл алды.

Бул Борбор Тоң районунун Тоң айылында жайгашкан, 2018-жылдан тартып ишке киргизилген. Ушул күнгө эс алуучуларга талаптагыдай шарт түзүү үчүн көптөгөн жумуштар аткарылып, ири өзгөрүүлөр болгонун белгилеп кетүү керек. Эс алуу борборунда бардык шарты бар имараттар, курулмалар салынган, айлана тегереги көрктөндүрүлгөн, Борбордун ичинде эс алуучулардын сейилдөөсү үчүн брусчаткалар төшөлүп жолдор салынган, бак-дарактар отургузулган. Команаталарга жаңы жабдуулар коюлуп, ыңгайлуу эс алууга жана заманбап шарттарга ылайыкташкан деп айтса болот.

2021-жылдын 7-июнунда биринчи эс алуучулардан болуп Кочкор жана Ат-башы райондорунан кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары, кесиптик бирлик мүчөлөрү, билим берүү кызматкерлери келишти. Эс алууга келгендер жылуу маанайда тосуп алынды. Борбордун аймагында жүрүүнүн техникалык коопсуздук эрежелери менен тааныштырылды, ыңгайлуу турак-жайларга жайгаштырылды. Заманбап салынган ашкана, даамдуу тамак-аштар, сылык жана меймандос тейлөө персоналынын мамилеси эс алуучулардын көңүлүнө төп келип, жакшы ой-пикирлерди жарата алды.

Ал эми 8-июнь күнү эс алуунун алкагында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети тарабынан кесиптик бирликтин көйгөйлүү маселелери боюнча семинар болуп өттү. Башкы техникалык жана укуктук инспектору Б.Кадыркулов эс алуучуларга кесиптик бирликтин иши, кесиптик бирликти уюштуруу, кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн укуктары, эмгек келишими, анын түрлөрү, эмгек шарттары, өргүүгө чыгуу, өргүүнүн эсептелиши ж.б. маселелер жөнүндө кеңири айтып берди. Ошондой эле Б.Кадыркулов Борбордук комитет тарабынан жасалган иштер, берилген материалдык жана практикалык жардам тууралуу да кеңири сөз кылып кетти. Баткенде болуп өткөн чек ара маселесине да токтолуп, Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогулов жерине барып, кырдаал менен таанышып, жабыркаган билим берүү кызматкерлерине кесиптик бирликтердин атынан акчалай жардам берип келгенин баса белгиледи. Семинар кызыктуу, мазмундуу өтүп, суроо-жооптор берилип, ар бир катышуучу өзүнө керектүү болгон жоопторду ала алышты. Катышуучулар мындай семинарлардын пайдалуулугун баса белгилешти. Кесиптик бирликтер, эмгекти коргоо боюнча көптөгөн маалыматтарды алышты. Эс алуу менен кошо ушундай семинарлардын өтүп туруусу өтө пайдалуулугун, мындан ары да ушундай иш-чараларды өткөрүүнү Борбордук комитеттен суранышты.

Андан тышкары, Каджысай айылында билим берүү кызматкерлери үчүн акысыз негизде ысык сууга, бассейнге түшүү уюштурулмакчы. Бул комплекске баруу үчүн Борбордук комитеттин атайын кичиавтобусу эс алуучуларды ташып, кайра эс алуу Борборуна жеткизип келет. Ысык суу комплексинде бардык шарттар каралып, эс алуучулар үчүн ыңгайлуулук түзүлгөн.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети