Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мугалимдер мугалимдерге жардам берет

Кыргызстандын түштүк аймагындагы ЖОЖдордун жана мектептердин англис тилчи мугалимдери үчүн атайын уюштурулуп жаткан «Мугалимдер мугалимдерге жардам берет» (Teachers Helping Teachers) темасында эки күндүк семинар болуп жатат. Семинар Ош гуманитардык-педагогикалык институту тарабынан уюштурулуп, 5-сентябрь күнү дагы улантылат.

Аталган семинарды Patrick McCoy - Meiji University, Roger Palmer - Konan University, Hirao School of Management, Cherie Brown - Akita International University, Altynai Toktomatova - Kyrgyz Turkish Manas University, Svetlana Zheenbekova - Kyrgyz Turkish Manas University нин профессорлору

өтүп жатышат.

Азыркы учурдагы Европа стилиндеги билим берүү стандарттары, чет тилин үйрөнүүдөгү усулдар, интерактивдүү досканы  жана аудио материялдарды колдонуунун технологиялары  боюнча кеңири баяндалып окутулуп жатат.

Эскерте кетсек семинар аягында катышуучуларга уюштуруу тобу тарабынан атайын сертификаттар ыйгарылат.