Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мугалимдер үчүн арналган 5 күндүк иш сапар

    Борбордук  Комитеттин  кызматкерлери   5 күндүк иш сапары менен  Нарын областында  болушту. Нарын облусунун билим берүү кызматкерлеринин укугунун корголушу, эмгек акысынын туура чегерилиши, деги эле профсоюз уюму тарабынан  көргөзүлүп жаткан колдоолор  тууралуу кенен таанышууга Профсоюздун Борбордук комитинен   эмгек акы, социалдык-экномикалык колдоо  бөлүмүнүн башчысы-Олимпиева Лидия Петровна, уюштуруу бөлүмүнүн  башчысы- Ибрагимова  Канышай Ибрагимовна, Укук коргоо боюнча инспектор- Кадыркулов  Бедил Мешкенович, Нарын облусунун  профсоюздар кеӊешинин тоөрагасы- Курманкожоев  Мукамбетаалы келишти. Жогорудагы курамдагы комиссия областа тармактык  Уставдын нормаларынын  аткарылышын, Эмгекти коргоо мыйзамынын сакталышын жана социалдык өнөктөштөрдүн  эмгек шарттарын жакшыртуу үстүндө жүргүзүлгөн иштери менен ар бир районго барып таанышышты.

     Жумгал райондук иш сапарларында баштапкы уюмдун төрага, төрайымдары менен жолугушуулар өткөрүлүп, мугалимдердин суроолоруна жооптор айтылып, пикир алмашуулари болду. Жумгал районунун  администрация башчысы- аким Адыл Сапаров, Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Омуралиева да бул комиссия курамы менен жолугушуп, билим берүү кызматкерлеринин  маселелери менен  теӊ бөлүшүп, мугалимдин койгойлорун оз убагында чечип, ар тараптуу колдоо көргөзүүгө даяр экендерин билдиришти.  Келген комиссияларга жалпы Жумгал районунун билим берүү кызматкерлери тереӊ ыраазычылыктарын билдиришти.