Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мугалимдер Ысык-Көлдө эс алышты...

Ысык-Ата районунун билим жана илим кызматкерлиринин профсоюздук комитетинин төрайымы Бактыгуль Качиевна демилге көтөрүп быйыл 13-августтан 18-августка чейин Ысык-Ата районунун мектептеринин, бала бакчаларынын жетекчилери жана мыкты иштеген мугалимдер Ысык-Көл облусунун Тоң районунундагы ДОЦ «Красная гвоздикада»  көңүлдүү эс алып келишти. Ыр-күү, бий, волейбол конкурстарды уюшулуп, ар бир күн өзгөчө шаң менен өтүп жатты.

15-август күнү Бактыгуль Качиевна биз менен чогуу эс алып жатышкан Бишкектик Гуманитардык Университетинин жана Жайыл районунун мугалимдерине "Мугалимдердин негизги эмгек жана социалдык эргүүсүнүн берилиши жана төлөнүшүнүн ирээти" деген темада семинар слайд аркылуу өттү. Мугалимдердин кесиптик укугуна байланыштуу түрдүү суроолордун үстүндө талкуу жүргүзүлүп, айрым түшүнбөгөн суроолорго Бактыгуль Качиевна өзү жооп берди. Ушундай кызыктуу эс алууну уюштурган, эс алуу учурунда семинар өткөрүп, өз ишин, укугун мыкты билүүгө багыт берген Бактыгул Качиевнага семинар катышуучулары  ыраазычылык билдирди!!!

 

Кант шаарынын  К.Рыскулова атындагы

№ 2 мектеп-гимназиясынын мугалими:

Уулкан Ормонова