Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мугалимдер күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу билим берүү кызматкерлери! Кадырлуу билим берүүнүн ардагерлери!

Урматтуу кесиптештер, Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Билим берүү кызаткерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Сиздер өзүңүздөрдүн бардык мүмкүнчүлүктөрүңүздөрдү, талантыңыздарды жана чеберчилигиңиздерди, ишиңиздерге берилгендигиңиздерди өсүп келе жаткан жаш муундарга билим жана таалим-тарбия берүүгө арнап келе жатасыздар. Биз ар дайым өзүбүздүн агай-эжейлерибизди, мугалимдерибизди урматтоо жана ызаттоо менен эстейбиз, Сиздердин илим-билимге ээ болууга, турмуштук ар кыл жактарын таанып билүүгө арналган эмгегиңиздер баа жеткис.

Кыргызстандын билим берүү кызматкерлеринин басымдуу көпчүлүгү биздин кесиптик бирликтин катарында экиндиги менен сыймыктанабыз, бизге жер жүзүндөгү эң ардактуу жана сыйлуу кесиптин ээлеринин социалдык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоо милдети жүктөлгөн жана ал ишеничти жоопкерчилик менен аткарууга Сиздер менен биргеликте бардык аракеттерди жүзөгө ашыра беребиз.

Сиздерге өмүрүңүздөрдү жана эмгегиңиздерди балдарды сүйүүгө жана тарбиялоого арнап келе жатканыңыздар үчүн таазим этебиз. Эң ардактуу жана сыймыктуу ишиңиздерде ден соолукту, жаңы жетишкендиктерди жана чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын!

Өсүп келе жаткан муунду окутуудагы жана тарбиялоодогу ишиңиздер үзүрлүү болсун!

Урматтоо менен,

Төрага                                                         А.Токтогулов

 

 Уважаемые учителя, ветераны педагогического труда!

Примите искренние поздравления с профессиональным праздником – Международным Днём учителя!

Своим талантом и мастерством вы зажигаете сердца учеников и воспитанников. Всю свою жизнь мы с теплотой и благодарностью вспоминаем своих учителей – внимательных и увлечённых энтузиастов, помогавших нам постигать знания и жизненную мудрость.

Мы гордимся тем, что ряды нашего Профсоюза объединяют большинство представителей работников образования Кыргызстана, и нам доверено представлять социальные и правовые интересы людей одной из самых важных и уважаемых профессий на земле.

Позвольте выразить вам искреннюю благодарность за любовь к детям и верность призванию. Примите тёплые пожелания здоровья и новых достижений в вашем благородном труде! Талантливых вам учеников, благодарных родителей, тепла и понимания ваших близких! Счастья, благополучия, творческих удач!

С уважением,

Председатель                                              А.Токтогулов