Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мугалим - мөмөлүү дарак

Мугалим – бул сезимиде ыйык адам,

Мугалим – бул коомдогу үлгүлүү инсан.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Таш-Көмүр шаардык комитети Курманалиева Гульмира Кызалаковнаны кутман курагы менен куттуктайт. Биз көп жылдан бери Г.Кызалакованы алдына адам салбаган, маселенин уңгусун кармай билген, ой-чабыты кенен,лидерлик касиетке ээ, башкалардан өзгөчөлөнгөн жетекчи, адамгерчилиги бийик, өз позициясынан тайбаган, тажрыйбалуу педагог катары билебиз.

45 жылдан ашык иш тажрыйбасы жалпынын кенчине айланып, жаш кызматкерлерге үлгү болуп жаткандыгын сыймыктануу менен айта алабыз.

Урматтуу Гульмира Кызалаковна !

Курманалиева Гульмира Кызалаковна алгачкы эмгек жолун 1974-жылы “Шың-Сай” мектебинде башталгыч классынын мугалими катары баштаган. 1979-1992-жылдары Токтогул атындагы №4 орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими, башталгыч класстар боюнча директордун орун басары, 1992-2000-жылдары Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы, 2000-2012-жылдары В.И.Ленин атындагы №5 орто мектептин директору, 2002-жылы АБР менен иштешип мектептин спорт залын толук реконструкциялаган. 2004-2009-жылдары долбоор жазып, грант утуп алып, мектептин усулдук кабинетине, класс кабинеттерге толук эмеректерди алууга жетишкен.

2012-жылдын октябрь айынан бери №6 “Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору болуп дайындалып,жарактан чыккан имаратты толук ремонттон өткөртүп,бала бакчаны көз жоосун алган имаратка айлантты. Тегерегин гүлгө курчап, бардык шарттарды түздү.

Г.К.Куманалиева өзүнүн эмгек тажрыйбасында талапты жогору коюу менен ийгиликтерди жарата алган,эмгекчил, кесипкөй педагог-жетекчи экендигин көрсөтүп келет. 45 жылдык педагогикалык ишмердүүлугүндө бир нече балдарды тарбиялады. Тажрыйбалуу жетекчи катары №6 “Наристе” балдар бакчасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого чоң салымын кошту. Бала бакчага демөөрчүлөрдү тартуу менен балдар ойноочу жайды, тамак бышыруу үчүн сырткы очокту курууга жетишти.Тарбиялануучулар үчүн буюм-эмеректер жаңыланган.Ошондой эле, бала бакчанын балдар ойноочу жайлары толугу менен сырдалып, сүрөттөр  тартылып, тарбиялануучулар үчүн мыкты шарт түзүлгөн. Бала бакчанын айлана тегерегин жашылдандыруу жумуштарын  да жогорку деңгээлде жүргүзүп келет.

2019-жылы №6 “Наристе” бала бакчасы толук капиталдык ремонттон өткөрүлүп, азыркы шартка ылайык бардык жабдыктар менен камсыз болду.

Урматтуу Гульмира Кызалаковна !

Сизди дагы бир жолу 65 жылдык кутман курак маарекеңиз менен куттуктап, ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайбыз. Ишиңизди дайыма ийгилик коштосун!

 

Маалыматты даярдаган: Таш-Көмүр шаарКБКнын төрайымы Э.Эгизалиева