Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

«Мугалим-коомдун күзгүсү-2016»

     2016-жылдын 26-март күнү Кыргыз Республикасынын «Тарых жана маданият жылына» жана республикалык «Мугалим» илимий-педагогика журналынын 2 жылдыгына арналган «Мугалим коомдун күзгүсү-2016» кароо сынагы Балдар жана өспүрүмдөр улуттук «Сейтек» борборунда болуп өттү.

   Кароо сынакта Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин атынан Башкы укук жана техникалык эмгек инспектору Кадыркулов Бедил Мешкенович, Улуттук университеттин төрагасы Сальпиев Шаршенбек Батырбекович катышты.

    «Мугалим-коомдун күзгүсү-2016» кароо сынакта 7 облустан 16 мугалим катышып, мугалимдин кийинүү маданияты, өзүн-өзү таныштыруу, интеллектуалдык суроолор жана макал-лакаптардын маанисин чечмелеп берүү жана башка өнөрлөрүн көрсөтүштү.

    Калыстар тобунун катарын толуктап, КРнын гимнинин сөзүнүн автору жана эл мугалими Ш.Кулуев, аялдар конгрессинин төрайымы З.Агбагышова, БКнын  Башкы укук жана техникалык эмгек инспектору  Б.Кадыркулов жана  педагогика илимдеринин доктору Ж.Каниметов ж.б.

   Кароо саныкта  Жангазиев Максат Аманкулович Гран-Принин ээси болду, I-орун Мамытбекова  Гүлбарчын Батырбековна, II-орун Каныбек уулу Бекзат, III-орунда Касмалиева Гүльжан Шарыповна жана Деванаев Алтынбек Касымович  

    Кыргыз Республикасынын  Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин Ардактуу грамоталардын ээлери: Халбаева Элмира Ниматиллаевна, Жумабаев Эртөштүк Төлөнбаевич, Айдарбекова Гүлзат, Субанбекова Назира Аалыевна, Кыдыралиева Самида Тойматовна, Кыдыкова Залкар Тургуналиевич, Кадыркулова Гульназ Кубанычбековналар болушту.

    Жалилова Чолпонай Абдыкалыковна, Маматумарова Абубакир Таштемирович жана  Касмалиева Гүлжан жайкы эс алууга БКдан сертификаттар тапшырылды.

     Республикалык «Мугалим» илимий – педагогика журналынын редакциясына кароо-сынакты жакшы деңгээлде өткөргөндүгү үчүн БКнын Ардак грамотасы тапшырылды.