Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоого алуунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 19-июну № 388

Мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоого алуунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоого алуунун тартиби жөнүндө нускаматиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 14-ноябрындагы № 667 "Мектеп курагындагы балдарды жана өспүрүмдөрдү каттоого алуунун тартиби жөнүндө нускамасын бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2017-жылдын 19-июнундагы
№ 388 токтому менен
бекитилген

Мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоого алуунун тартиби жөнүндө
НУСКАМА

I. Жалпы жоболор

1. Мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоого алуунун тартиби жөнүндө нускама (мындан ары - Нускама) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, айыл өкмөттөрүнүн, шаарлардын мэрияларынын жалпы билим берүү деңгээлинде окутулууга тийиш болгон 5-16 жаш курактагы баардык балдарды каттоого алуусунун тартибин, ошондой эле алардын жалпы билим берүүчү уюмдар, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү, билим берүүнү башкаруунун региондук органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрация, айыл өкмөтү, шаардын мэриясы жана башка уюмдар менен балдарды каттоого алуу процессинде иштешүүсүнүн механизмин аныктайт.

Балдарды каттоого алуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу жана негизги жана жалпы орто билим алышын камсыздоо, жалпы билим берүүчү уюмдардын биринчи классына кабыл алынуучу окуучулардын контингентин сарамжалдуу пландоо үчүн зарыл шарттарды түзүү, мектепке келбеген балдарды аныктоо жана окушуна чара көрүү максатында жүргүзүлөт.

2. Мектеп жашындагы балдарды каттоо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети белгилеген форма боюнча мектепке чейинки жана мектепке баруучу курактагы балдардын тизмесин түзүү жолу менен жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана билим берүү органдары тарабынан уюштурулат жана өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин органдары негизги баскычтын көлөмүндө (тогуз класс) сөзсүз түрдө окутулууга тийиш болгон мектепке чейинки жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоону даярдоого жана каттоого катышышат.

Тизмеге жыл сайын ар бир жылда туулган мектеп курагындагы балдар жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилип турат, башкача айтканда келгендер киргизилип, кеткендер чыгарылат. Алардын окуусу тууралуу белгилер коюлат жана тизмелер жыл сайын жаңыртылат.

3. Мектеп курагындагы балдарды каттоо айылдык округдун, шаардын жана башка калктуу конуштардын жана администрациялык райондордун чегинде жүргүзүлөт.

Тизмелерди түзүүнүн булактары:

айыл жеринде - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чарба китептери жана убактылуу жашагандардын тизмелери;

шаарларда - үй китептери жана турак жай башкармаларынын тизмелери.

4. Каттоого айыл өкмөтүнүн, шаардын, же башка калктуу конуштун аймагында жашаган бардык типтеги жана менчиктин бардык формаларындагы мектептерде окуган, ошондой эле лицейлерде, колледждерде, башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында окуган 5тен 16 жашка чейинки балдар, ошондой эле негизги жалпы билим берүүнү аяктабай калган 16 жашка чейинки курактагы балдар алынышы керек.

Акыл эсинде жана дене-боюнда кемчилиги бар (көзү азиз, акыл-эсинин өнүгүүсү кечеңдеген, дүлөй-дудук) мектеп жашындагы балдарга өзүнчө тизме түзүлүп, ал тизмелер мындай балдарды атайын мектептерде (интернат), жалпы билим берүүчү санатордук мектептерде, көмөкчү жалпы билим берүүчү уюмдарда (класстарда) окутууга алуу үчүн пайдаланылат.

5. Мектеп курагындагы балдардын тизмелери расмий статистикалык отчет түзүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияда сакталат.

5 жашка чыккан балдардын тизмеси алар 16 жашка чыкканга чейинки мезгил бою пайдаланылат.

6. Жалпы билим берүүчү уюмдардын жана бардык типтеги жана менчиктин бардык формаларындагы баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын директорлору окуу жылынын ичинде билим берүүнү мамлекеттик башкаруучу тиешелүү региондук органга, ал болсо - жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, шаарлардын мэрияларына жана айыл өкмөттөргө окууга жүйөлүү себепсиз дайыма келбеген (10 күн бою) балдардын тизмесин аларды мектепке келтирүү боюнча керектүү чараларды колдонуу үчүн берип турууга милдеттүү. Балдардын сабакка келбегендиги тууралуу материалдар мектепке 10 күн барбай калгандан кийин 5 күндөн кечиктирбей жиберилет.

Окуучулардын сабакка келбей жаткандыгы төмөнкүдөй тартипте контролдонот:

- сабакка 10 күнгө чейин келбесе эсебин жалпы билим берүүчү уюм же баштапкы кесиптик билим берүүчү уюм алат;

- сабакка 10 күндөн ашык катары менен келбесе - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, шаарлардын мэрияларынын жана айыл өкмөтүнүн социалдык комиссиялары тарабынан социалдык кызматкерлерди жана жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлорду тартуу менен эсепке алынат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрация, шаарлардын мэриялары жана айыл өкмөтү балдардын сабакка келбегендиги жөнүндө материалдарды берген учурдан тартып окуучу сабакка келбей жатат деп эсептелет.

Андан кийинки контроль жана балдарды билим берүү уюмдарына келтирүү боюнча иш жергиликтүү мамлекеттик администрация, шаарлардын мэриялары жана айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.

Балдардын иштери боюнча комиссия 10 календардык күндүн ичинде үй-бүлө менен жеке иштөө боюнча пландын жана/же баланы коргоо боюнча жеке пландын материалдарын карап чыгат, тиешелүү чечим кабыл алат, чечим жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, шаардын мэриясынын жана айыл өкмөтүнүн чечиминин формасында таризделет.

II. Каттоо жүргүзүү боюнча даярдык көрүү иштери

7. Мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдардын тизмелерин өз убагында түзүү жана текшерүү максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары, айыл өкмөттөрү жыл сайын 1-августка чейин төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:

а) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына, турак жай башкармаларына, кварталдык комитеттерге жана жатаканаларга, милициянын органдарына чарбалык китептерде жана үй китептеринде, турак жай башкармаларынын тизмелеринде 5тен 16 жашка чейинки балдар тууралуу жазууларды тактоону сунуштоого;

б) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрү менен бирдикте мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды өз убагында жана сапаттуу эсепке алууга жооптуу адамдарга инструктаж уюштурууга жана өткөрүүгө;

в) балдарды эсепке алуучу адамдарды эсепке алуучу тизмелердин формалары менен камсыздоого, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2013-жылдын 1-июлундагы № 22 токтому менен бекитилген "Окуу жылынын башына карата жалпы билим берүүчү мектептерде жана башка билим берүүчү уюмдарда окууга кирбеген 5-16 жаштагы балдар менен өспүрүмдөрдүн саны жөнүндө отчет" (№ 77 форма) деген бланктары болууга (мындан ары - № 77 форма).

Жалпылоочу отчеттун формаларын (№ 77 форманы) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жана анын жер-жерлердеги органдары басып чыгарышат.

III. Айыл жериндеги балдарды эсепке алуунун тартиби

8. Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана айыл аймагынын аткаруучу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:

а) чарбалык китептерде жана убактылуу жашап тургандардын тизмелеринде 5-16 жаштардагы балдар жана өспүрүмдөр жөнүндө жазылган маалыматтарды тактоого;

б) ушул тактоолордун негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрацияда жана айыл аймагынын аткаруучу органында сакталып турган балдардын жана өспүрүмдөрдүн тизмесинин түп нускаларына керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

в) 15-августтан кечиктирбестен 1-сентябрга карата 6 (7) жашка толо турган балдардын, ошондой эле андан башка курактардагы окубаган балдардын тизмелерин түзүүгө;

г) жайлоодо жана алыс жерлерде жүргөн малчылардын балдарына өзгөчө көңүл буруу менен 20-августтан кечиктирбестен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан ар бир билим берүүчү уюмдун директоруна ошол билим берүүчү уюмда окушу керек болгон 5 жаштан 16 жашка чейинки балдардын тизмесин берүү.

9. Жалпы билим берүүчү уюмдардын жана бардык типтеги жана менчиктин формасындагы башталгыч кесиптик билим берүүчү уюмдардын директорлору балдар менен өспүрүмдөрдүн мектепке келүүсүн текшерип, келбей калышынын себебин тактап, 21-сентябрдан кечиктирбей тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жана айыл өкмөтүнө мектепке келбеген балдардын тизмелерин келбеген себебин көрсөтүү менен беришет.

Мында директорлор билим берүүчү уюмга келген, бирок жергиликтүү мамлекеттик администрация жана айыл өкмөтү түзгөн тизмеге кирбей калган балдар жөнүндө да маалымат беришет.

10. Учурдагы жана кийинки окуу жылында жалпы билим берүүчү уюмда окуй турган 6 (7) жаштагы балдардын тизмесинин негизинде, ошондой эле мектепке келбеген балдар жөнүндө жалпы билим берүүчү уюмдардан алынган маалыматтардын негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрация жана айыл өкмөтү 1-сентябрга карата 6 (7) жаштагы балдардын жана окуу жылынын башталышында билим берүүчү уюмдарда окубаган 6 жаштан 16 жашка чейинки балдар менен өспүрүмдөрдүн эсебин алуу боюнча тизмелерди түзүшүп (№ 77 формада), аны 8-октябрдан кечиктирбестен статистика боюнча райондук комитетке жиберет.

11. Окуу жылынын ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрация жана айыл аймагынын аткаруучу органы билим берүүнү мамлекеттик башкаруучу региондук органдарга жана жалпы билим берүүчү уюмдарга өздөрүнүн аймактарындагы калктуу конуштарга окуу жылы башталгандан кийин жашоо үчүн келген жана негизги жалпы билим берүүнүн деңгээлинде окутулууга тийиш болгон мектеп курагындагы балдар жөнүндө маалыматтарды билдиришет. Материалдар мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдар ошол калктуу конушка келгенден кийин 5 күндөн кечиктирбестен жиберилет.

IV. Шаарларда мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды эсепке алуунун тартиби

12. Шаарларда турак жай башкармалары, кварталдык комитеттер жана жатаканалар шаарлардын мэрияларынын көрсөтмөлөрү боюнча 1-августка чейин үй китептеринде 5 жаштан 16 жашка чейинки мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдар жөнүндө жазуулардын тууралыгын текшеришип, китептерге тийиштүү оңдоолорду киргизүүгө тийиш.

13. Турак жай башкармалары, ведомстволук үйлөрдүн, жатаканалардын коменданттары, кварталдык комитеттердин төрагалары башкармалардагы, үй китептериндеги текшерилген тизмелердин негизинде 6 (7) жаштагы балдардын тизмелерин жана окубаган, башка курактагы балдардын тизмелерин түзүшүп, 10-августтан кечиктирбестен аларды шаарлардын мэрияларына беришет.

14. Шаарлардын мэриялары 1-сентябрга карата 6 (7) жашка толгон балдардын тизмелерин жана окубаган, башка курактагы балдардын өзүнчө тизмелерин текшерип, системага салышат да, билим берүүнү мамлекеттик башкаруучу региондук орган менен бирдикте ал балдарды билим берүүчү уюмдарга бөлүштүрүшүп, 15-августтан кечиктирбестен тиешелүү билим берүүчү уюмдардын директорлоруна ошол жалпы билим берүүчү уюмда милдеттүү түрдө окутулууга тийиш болгон балдардын тизмелерин беришет. Балдардын негизги тизмелери шаардык мэрияларда сакталат.

15. Жалпы билим берүүчү уюмдардын жана баштапкы кесиптик билим берүүчү уюмдардын директорлору мектеп курагындагы балдардын мектепке келүүсүн текшерип, келбей калгандардын себептерин тактап жана 30-сентябрдан кечиктирбестен шаарлардын мэрияларына окууга келбеген балдардын тизмелерин себептерин көрсөтүү менен беришет. Директорлор жалпы билим берүүчү уюмга келген, бирок шаардын мэриясынан алынган тизмеге кирбей калган балдар тууралуу да билдиришет. Балдардын келүүсү шаарлардын мэрияларынан алынган тизмелердин жана өткөн окуу жылында окуган окуучулардын билим берүүчү уюмдагы тизмелеринин негизинде текшерилет.

16. Жалпы билим берүүчү уюмда учурдагы жана кийинки окуу жылдарында окуй турган 6 (7) жаштагы окуучулардын тизмелеринин негизинде, ошондой эле жалпы билим берүүчү уюмдардан алынган мектепке келбей жаткан балдар тууралуу маалыматтардын негизинде шаардын мэриясы 1-сентябрга карата 6 (7) жаштагы баардык балдардын жана окуу жылынын башына карата жалпы билим берүүчү уюмда окубаган 6-16 жаштардагы мектеп курагындагы балдардын саны жөнүндө жалпылоочу отчет даярдап (№ 77 формада) жана аны 8-октябрдан кечиктирбестен статистика боюнча шаардык (райондук) комитетке берет.

17. Окуу жылынын ичинде турак жай башкармалары, жатаканалардын коменданттары жана кварталдык комитеттер шаарлардын мэрияларына, билим берүүнү мамлекеттик башкаруучу тийиштүү региондук органдарга аймакка окуу жылы башталгандан кийин келген жана жалпы билим берүү деңгээлинде окутулууга тийиш болгон мектеп курагындагы балдар тууралуу маалыматтарды билдирип турууга милдеттүү. Шаарлардын мэриялары материалдарды мектеп курагындагы балдар келгенден кийин 5 күндөн кечиктирбестен жиберишет.

V. Билим берүүнү мамлекеттик башкаруучу региондук органдардын функциялары

18. Билим берүүнү мамлекеттик башкаруучу региондук органдар мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоого алуу максатында:

- берилген тизмелерди жыл сайын талдашат жана алардын негизинде негизги жалпы билимдин деңгээлинде окутулууга тийиш болгон балдар жөнүндө жыйынтыктоочу маалыматты түзүшөт (№ 77 форма боюнча) да, аны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жиберишет, ошондой эле жүйөлүү себепсиз же сабакты көп калтырган жашы жете электердин эсебин алышат жана алар тууралуу статистикалык маалыматтарды талдашат;

- жыйынтык маалыматты жалпы билим берүүчү уюмдардын тармагын рационалдаштыруу үчүн пайдаланышат;

- негизги жалпы билим берүү деңгээлинде окутулууга тийиш болгон балдарды каттоого алууну уюштуруу маселеси боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация, айыл өкмөтү жана шаарлардын мэриялары менен иштешет;

- жалпы билим берүүчү уюмдарда балдардын иш жүзүндө билим алуусун текшеришет;

- билим берүүчү уюмдарга окууга кирбеген же окуусун токтоткон балдарды башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарына жиберүү боюнча чара көрүшөт;

- билим берүү уюмдарынын балдарды каттоого алуу боюнча иштерин жетектешет жана контролдошот, ошондой эле окубаган балдарды окууга тартууга көмөктөшөт.

Жалпы билим берүүчү уюмдардын жетекчилери балдарды каттоого алуу максатында:

- сабакка келбеген балдардын эсеби боюнча документтерди үзбөй толтурушат, маалыматтарды жалпы билим берүүчү уюмдарга кабыл алуу пландарын тактоо үчүн пайдаланышат;

- окуучулардын сабакка келишин дайыма контролдошот, сабакты жүйөлүү себепсиз көп калтырган балдардын эсебин алышат, социалдык жактан коркунучтуу абалда турган, ошондой эле сабакка келбеген же жүйөлүү себепсиз сабакты көп калтырган жашы жете электерди аныкташат, алардын жалпы билим алуусу үчүн чара көрүшөт, ай сайын отчет түзүшүп жана айдын 30уна чейин билим берүүнүн региондук бөлүмдөрүнө беришет (жазуу жүзүндө жана зарыл болсо электрондук сактагычта);

- негизги жалпы билим берүү деңгээлинде окутулууга тийиш болгон балдарды каттоого алууну уюштуруу маселеси боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация, айыл өкмөтү жана шаарлардын мэриялары менен иштешет;

- зарыл болсо балдары сабакка барбаган үй-бүлөлөргө өз өкүлдөрүн жиберүүнү камсыздашат;

- жалпы билим берүүчү уюмдарга окууга кирбеген же окуусун токтоткон балдарды аныктоо боюнча чара көрүшөт;

- баланын жалпы базалык билим алышына зарыл чара көрбөгөн мыйзамдуу өкүлдөрүнө мыйзамга ылайык жоопкерчилик чарасын колдонуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдарга сунуш беришет.