Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Материалдык жардам көрсөтүлдү

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы М. Элеманов, кесиптик бирликтин Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрагасы З.Атаканов А.С.Пушкин атындагы №12 орто мектептин  мугалими   жүрөктөн  операция жасатып  ооруканада  жаткан Риксиева Разия Каримовна кабар  алышып, материалдык  жардам  көрсөтүштү.

№5 “Чабалакей” балдар  бакчасынын   кызматкери Жумабекова Гульмира  Анарбековна кырсыкка кабылып үйү өрттөнүп жабыркагандыктан  жамаатына барып, көңүл  айтып тармактын  шаардык  жетекчилери колдоо  көрсөтүштү. Жамаат  менен  жолугушуп алардын  суроолоруна жооп берилди.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Таш-Көмүр шаардык комитети