Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

«Манас» күнүнө арналган конференция

2020-жылдын 4-декабрында  Н.Исанов ат.КМКТАУнун «Философия жана социалдык-гуманитардык илимдер» кафедрасы  «Манас» эпосунун күнүнө карата «Улуу Мурас»деген аталышта студенттер арасында онлайн илимий-тажрыйбалык конференция өткөрүштү. Конференцияны КМКТАУнун социалдык маселелер, тарбия иштери жана мамлекеттик тил боюнча проректору, т.и.к., доценти Т. Т. Болотов ачып берди. Иш-чаранын катышуучуларына университинин окумуштуулар кеңешинин  катчысы, т.и.к., доценти Н. А. Раджапова конференциянын ишине ийгиликтерди каалап, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Конференциянын негизги максаты - «Манас» эпосубузда чагылдырылган кыргыз маданиятын, тарыхын, этнопедагогикасын үйрөнүү менен акыл-ой, рухий, сөз байлыктарын кесиптик, күндөлүк жана социалдык маанилүү кырдаалдарда колдоно билүүсүнө көнүктүрүү, улуттук дөөлөттөрүн сүйүүгө, мекенчилдикке тарбиялоо.

«ФСГИ» кафедрасынын улук окутуучусу  А.Б.Исмаилованын жетекчилиги астында баяндамаларды (слайд) менен жасашкан студенттер I,II,III даражадагы дипломдор, ардак грамоталар менен сыйланышты.Алар:

  • - Кенжебаева Ж..ОРМ-1-19 т.с. «20-кылымдын Гомери-С.Каралаев»;
  • - Эсенбекова Ж.ХПК-2-19 т.с. «Манас» эпосу маданият тармагында;
  • - Абдылдаева К. АРХ-3-19 т.с.  «Алп манасчы-С .Орозбаков»;
  • - Талантбекова Н. ХПК-2-19 т.с. «В.В.Радлов -«Манас» эпосун изилдөөчү»;
  • - Алмазбекова А. ГДЗ-2-19  т.с. «Каныкейдин Тайторуну чапканы»;
  • - Азатова Ф. гр.  ДАС-1-19 т.с. «Манасчы-Жусуп Мамай»;
  • - Сабырбекова А.гр. ХПК-2-19 т.с. «Манас» эпосундагы каада –салттар;
  • - Абдрахманова Айбийге;
  • - Мураталиева Акмарал ДАС-19 т.с.

Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан резолюция кабыл алынды. 8-декабрда «Улуу Мурас» аталышындагы студенттер аралык онлайн илимий-тажрыйбалык конференциянын алкагында студенттер арасында өткөрүлгөн «Манас айтуу» челленджи жыйынтыкталып, Архитектура жана дизайн институтунун директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, «Буюмдарды көркөм долбоорлоо» кафедрасынын окутуучусу» - А.Н.Жүзбаева, КББАнын жетектөөчү илимий кызматкери, «Манас таануу» боюнча адис, п.и.к. - З. К. Мурзалиева, «ФСГИ» кафедрасынын улук окутуучулары: А.Б.Исмаилова, А.У.Сапалова жана ПИ-1-17 т.студенти Бакытбек уулу Улукман кирген калыстар тобу жеңүүчүлөрдү аныкташты.

      “Манас” айтуу челенджинин жыйынтыгы:

1-даражадагы ДИПЛОМ менен Аманов Арлен ПГС-2-18

2-даражадагы ДИПЛОМ менен Абдрахманова Айбийге

2-даражадагы ДИПЛОМ менен Ахматжан уулу Дауд ЭУН-1-20

3-даражадагы ДИПЛОМ менен  Бейшеналиев СДМ-1-20

3-даражадагы ДИПЛОМ менен  Кенжебаева Эльнура ОК-14-20

Ардак грамота менен Маатказиева Нура ОК-9-20,

Садыралиева Айжанат ОК-9-20,

Азатов Боогачы ЗЧС-1-20,

Каныбеков Айтеңир ОК-13-20,

Толонов Нурданат АС-1-17,

Бакытбек уулу Улукман ПИ-1-17 сыйланышты.

Белгилей кетүүчү нерсе, Н.Исанов ат.КМКТАУнун студенттери арасында «ФСГИ» кафедрасынын инстаграм  баракчасына жарыяланган сынакка университетибиздин студенттеринен сырткары башка окуу жайлардын да студенттери катышканыдыгы кубандырат. Алар:

1-даражадагы ДИПЛОМ менен Турдубек уулу Талант (Музыка факультети), Бакытова Диана (ТМУ)

2-даражадагы ДИПЛОМ менен  Шерикбай кызы Айдай (ЖАМУ педагогика адиси), Кенжебаев Шернияз (КГМА)

3-даражадагы ДИПЛОМ менен  Эржан Кожошов (Таштан Эрматов атындагы Бишкек Музыкалык педагогикалык Колледжи).

Ардак грамота менен Таалайбекова Насип (НМУ) сыйланышты.

«ФСГИ» кафедрасы