Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мамлекеттик Туу күнүңөр менен

Урматтуу кесиптештер!

          Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү менен куттуктаймын!

Кыргыздар илгертеден бери тууну - асаба, байрак, желек деп да атап келе жатышат.  Биздин байыркы элибизде туу  жөнүндө түшүнүк байыртадан эле белгилүү болгон. Туу бийик жерге илинип, аскерлерди чогултуу белгисин билдирген. Туу ошондой эле кыргыздарда ар кандай шартта түрдүүчө колдонулган. Жоого аттанганда туу алып жүргөнгө эр жүрөк, ишеничтүү жоокер дайындалган. Салгылашуу учурунда кошунга дем, кубат берүү максаты менен ал тууну көрүнө дөңсөө жерге кармап турган. Тынчтык мезгилинде көп эл чогулган жыйын, той-тамашаларда ар бир уруу, эл өз тууларынын айланасында топтолушкан. "Манас" эпосунда ар бир уруулардагы аскерлердин ондук, жүздүк, миңдик түзүлүштөрүндө өз-өзүнчө желеги болуп, анан бардыгы бир тууга биригишкен. 

Бай Жакыптын кызыл туу,

Байкаганга сөзү бу:

Кыргыздын кыйла тобунан,

Алыс жерден калган туу.

Башкы атасы Бабыркан,

Андан калган ушул туу,-

деп айтылат “Манас” эпосунда.

Эгемен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу легендарлуу Жогорку Советтин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, анын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдик, тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк - үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. Түндүк-өлкө калкынын биримдигинин символу, желектин кызыл түсү-Айкөл Манас атабыздын туусунун түсү болгон. 

Кыргыз Республикасынын кызыл туусунун алдында элибиз терең биримдикте жана ынтымакта алга карай өнүгүү менен ата-бабаларыбыз энчи кылып калтырган Ала-Тообузда дагы далай кылымдарды карытып жашай берсин!

Дагы бир жолу Мамлекеттик Туу күнүңүздөр кут болсун!

Асылбек Токтогулов,

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы