Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

МАЙ МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН

Урматтуу кесиптештер, Сиздерди жаадырыган жаз күнүндө ээрчише келген Үчилтик – Май майрамдарыңыздар: 1-Май – Эмгек майрамы, 5-Май – Конституция күнү жана 9-Май – Жеңиш күнү менен тармактык бирлигибиздин президиумунун жана жеке өзүмдүн атымдан ак дил, чын жүрөгүмдөн куттуктаймын!

Майрамыңыздар майрамга уланып, мамлекетибиздин жаркын келечегин курууда аныктоочу мааниге ээ болгон билим берүү жана илим тармагындагы түйшүгү түмөн, зор жоопкерчиликтүү, ары сыймыктуу иш-аракеттериңиздерге изги ийгиликтерди каалаймын. Абалтадан “адамды жараткан – эмгек” деген акылман кеп айтылып келет, ошол жаратман эмгегиңиздердин акыбети кайтып, өлкөбүздүн Баш мыйзамында бекемделген укуктарыңыздардын учугу узарып, улам жаңы Жеңиштерге жете бериңиздер. Ал үчүн эгемендүү эл-жерибизде тынчтык, ынтымак-ырашкерлик байырлап, мына ушул Май күндөрүндөй жаратман, жарык маанай өкүм сүрүшү абзел. Бардыгы өз колубузда.

Сиздердин жаш муундарга терең билим, татыктуу тарбия берип, республикабыздын илим-билимин өнүктүрүүдөгү көп тармактуу татаал, ары түйшүктүү ишиңиздерде ири ийгиликтерди каалаймын! Чың ден соолукта болуп, бакубат өмүр өтөөңүздөргө ак дилден тилектештигимди билдиремин!

Бар болуңуздар! Алдыда эмгек адамынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртып, укуктарын коргоо менен бакубат жашоосун камсыз кылууда аткарууну күткөн албан милдеттерибиз турат. Эгемен мамлекетибиздин бакубатчылыгына, эмгек адамынын ден соолугуна кам көрүп, укуктарын коргоого багышталган ушундай жооптуу иштерде тилектеш эле эмес, жардамдаш болорубузга зор ишеним арткым келет.

Дагы бир жолу Үчилтик – Май майрамыңыздар менен!

 

 

Урматтоо менен,

 А.Султанбаев

КР Билим жана илим кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин

төрагасы