Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Маанилүү семинар-маанайды көтөрөт

       22-май күнү Бишкек гуманитардык университетинин профсоюздук комитети тарабынан  “Жамаатык келишим-социалдык кызматташуунун кепилдиги” аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарга окуу жайдан проректорлор, кадрлар бөлүмүнүн башчысы, бухгалтерия кызматкерлери, кафедра жетекчилери жана ар бир факультеттен профбюролору менен биргеликте окутуучулар болуп жалпы 60 кызматкер катышты.Семинарга Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин башкы укуктук инспектору Бедил Мешкенович Кадыркулов катышты. Бедил Мешкенович өзүнүн сөзүндө жамаатык келишимдин негизги принциптери жана Эмгек кодексинде каралган жумуш берүүчү менен жумушчунун укуктарын терең түшүндүрүп,  мазмундуу баяндама жасады. Катышуучулар тарабынан берилген суроолого так, даана жооп берип, түшүндүрүү иштерин да жүргүзүп кетти. Семинардын жыйынтыгында атайын даярдалган сертификаттар тапшырылды.