Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Маанилүү маалымат

2022-жылдын 17-февралында социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Айдарова тарабынан Баткен районунун Самаркандек жана Ак-Татыр айылдарындагы мектептердин директорлору мугалимдердин эмгек акыларынан 300 сомдон кыркып калат деген маалымат чыгарылган.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети аталган маалыматты тактоо максатында мектептердеги жана балдар бакчаларындагы ар бир баштапкы уюмдун төрага жана төрайымдары менен байланышып, маселени иликтеп чыкты. Натыйжада Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Айдарова айткан маалымат далилденген жок.


Билим берүү кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин Баткен
райондук комитетинин төрагасы                 А.Зайитов