Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясынын кезексиз XXVI съезди болуп өттү

2024 -жылдын 15-февралында  Кыргызстан кесиптик бирлик  федерациясынын кезексиз XXVI съезди болуп өттү. Кезексиз XXVI съездге республика боюнча бардык тармактык комитеттерден жана региондордон шайланган 104 делегат катышты.

      Кыргызстан кесиптик бирлик  федерациясынын кезексиз XXVI съездинин күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды.  

  1. Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясынын XXV съездинен кийинки ишмердүүлүгү жөнүндө.
  2. Мандат комиссиясынын отчету тууралуу.
  3. Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясынын Уставын бекитүү жөнүндө.
  4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-ноябрындагы № 319 “ Эмгекчилердин саламаттыгын сактоо чараларын натыйжалуу башкаруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө.
  5. Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясынын текшерүү комиссиясы жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө.
  6. Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясынын төрагасын шайлоо жөнүндө.
  7. Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясынын төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө.
  8. Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясынын Кеңешинин мүчөлөрү жөнүндө.
  9. Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясынын текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө.

     Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Кыргызстан кесиптик бирлик  федерациясынын төрагасы Э.Кызаев доклад жасады.

     Кыргызстандагы кесиптик бирлик  кыймылынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, биримдигин бекемдөө,  эмгекчилердин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, эмгектик укуктарын коргоо жана социалдык  өнөктөштүктүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүү Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясынын башкы багыты болуп калары айтылды.

            Кыргызстан кесиптик бирлик  федерациясынын кезексиз XXVI съездинин күн тартибиндеги уюштуруу маселелери каралды.  Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясынын төрагасы болуп Жумадилде уулу Мурадил, биринчи орун басары болуп Боёнов Саламат Акылбекович жана  орун басарларына Турсунбек уулу Эрбол менен Өмүрбек Шаршеналиев шайланды.

Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясынын жумушчу органдары- Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясынын Кеңеши түзүлдү  жана Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү шайланды.

Кесиптик бирликтин жаңы уставы кабыл алынды. Кесиптик бирликтин биримдигин жана ынтымагын сактоо, бекемдөө жана өнүктүрүү, эмгекчилердин иштөө шарттарын, жашоосун жана эс алууларын жакшыртуу боюнча активдүү иш аракеттерди жүргүзүү сунуштары берилди.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети