Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74-жылдыгына карата Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулган иш чаралар болуп өттү

2019-жылдын 7-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74-жылдыгына карата Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулган иш чаралар болуп өттү. Адегенде  кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков жана мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) ошондой эле Кесиптик бирлик комитетинин “Жаштар канатынын” активист студенттери Жеңиш аянтына барып, Түбөлүк оттун жанына “Эч ким,эч качан унутулбайт!” –деген ураан менен Улуттук университеттин жамаатынын атынан гүлчамбар коюшту. 

Кесиптик бирлик комитетинин демилгеси менен уюштурулган иш чаранын кийинки бөлүгүндө аталган топ Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин үйлөрүнө куттуктап барышты. Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу: М.Р.Балтабаевге 5000 миң сом

Ал эми согуш учурундагы тылдын катышуучулары: А.Бугубаев К.А.Ефимова, С.Узбеков, Ш.Керимбаевге 3000 миң сомдон берилди. Бизге, мекенге тынчтыкты тартуулаган патриот ардагерлер үчүн алардын   үйлөрүнө барып куттуктоо ардагерлер үчүн жакшы көз ирмемдерди, көңүл бурууну тартуулады.  Гуманитардык пакеттер бардыгына тапшырылды. Ушундай эле куттуктоолор Кесиптик бирлик комитетинин уюштуруусу менен  6-окуу имаратында А.Бугубаев агайдын дарегине айтылып, сыйыктар тапшырылды.

Эң башкысы келечек кесип ээлери боло турган студенттер, келечек муун аталарыбыздын, согуш майданында эрдик көрсөткөн  баатырларыбыздын эрдиктерин унутпай, бул бейкутчулук, тынч  мезгилдин кантип келгенин эстей жүрүүсү зарыл нерсе.

 

Материалды даярдаган:

КУУнун басма сөз кызматы

Асель Сартпаева