Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кыргыз Республикасынын Конституциясына - 30 жыл!

Урматтуу билим жана илим кызматкерлери!

Ардактуу кесиптик бирлик мүчөлөрү!

Сиздерди 5-май - Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 30 жылдыгы менен куттуктаймын! 

Кыргыз Республикасынын Конститутциясында мамлекеттик бутактарынын ыйгарым укуктарын жана эркиндигин коргоону, алардын эркин, бакубат жашоодо жашоосун, билим алуусун гарантиялайт.

Акыркы Башмыйзам кыргыз элинин эркин мүнөзүнө, улуттук намысына шайкеш келип, ата-бабалардын көөнөргүс мурасын жандантууга жана байытууга, жарандарыбыздын жаратман жана чыгармачыл ишине өбөлгө болот.

Конституцияны урматтоо менен жана так сактоо, аны кыйшаюусуз аткаруу ар бир жарандын, кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн башкы милдети жана ыйык парзы болуп саналат.

Урматтуу билим жана илим кызматкерлери, кесиптик бирлик мүчөлөрү!

Майрамыбыз кут болсун! Баарыңыздарга бакыт-таалай, чың ден соолук жана тынчтык каалайм! Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге береке берсин!

 

Урматтоо менен

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим
кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин
борбордук комитетинин төрагасы                                                                 А. Токтогулов