Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

“Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги” төш белгиси

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Назар Догдурбек “Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги” төш белгиси менен сыйланды.

Ал КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан “Спорттун өнүгүшүнө жана жаш муундарды тарбиялоодо кошкон көп жылдык салымы үчүн, университеттин командасын спорттук иш-чараларда шаардык, республикалык деңгээлдеги спартакиадаларга даярдоодо жана уюштурууда кошкон салымы үчүн” “Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги” төш белгиси менен сыйланды.

 

Маалыматты даярдаган: И.Арабаев атындагы КМУнун кесиптик бирлик комитети