Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

КУТТУУ БОЛСУН МАЙРАМ КҮН! Ардактуу мугалимдер! Урматтуу кесиптештер!

Бүткүл дүйнөдө 1994-жылдан баштап ар жылы 5-октябрда абройлуу ЮНЕСКО уюму тарабынан негизделген Эл аралык мугалимдер күнү кесиптик майрамыбыз белгиленип келатат. Ал быйылкы жылы «Мугалим: келечекти кайра ойлонуу менен кризистеги лидерлик» деген ураандын астында өтүп жатат. Сиздерди бүгүнкү баарыбыздын жүрөктөрүбүздү толкуткан, көңүлдөрүбүздү балкыткан, сезимдерибизди көтөргөн мына ушул кесиптик майрамыбыз менен ак пейилимден жана чын ниетимден кызуу куттуктаймын!

Мен да Сиздер сыяктуу - мугалиммин, айылдык мектепте физика мугалими, мектеп директору болуп иштегем. Ысык-Ата райондук, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыктарын жетектегем. Тармактык министрликте эмгектендим. Ошентип, мугалимдик кесиптин сырларын кыргыз айткандай “ичинен да, сыртынан да” жакшы билемин. Ушундан улам кесиптик майрамыбыз белгиленип жаткан ушул  жаркын күнү дүйнөдөгү эң гумандуу кесип ээлери болгон Сиздерге, биздин улуу кесибибизге мактоо сөздөрүмдү арнайын дедим.

Мугалим болуу-бул баарыдан мурда бул адамдын жүрөгүнүн чакырыгы деп айтаар элем, анткеним, жүрөгүнүн түпкүрүндө балдардын баёо жана укмуштуудай кең дүйнөсү менен кошо жашай алган адам гана мугалим боло алат. Ошондуктан, мугалим канча жашка чыкса да дайыма жаш бойдон кала берет, анткени анын өмүрү балдар дүйнөсүнүн тегерек айлампасынын бекем курчоосунда өтөт.  Ушундан улам мугалим нак маанисинде кесип эмес,  бүткүл жашоосунун маңызы деп айта алам. Ал алгач мектеп босогосун мугалим катары аттап, окуучуларынын алдына чыккандан тартып өмүр бою мектеби, балдары, сабагы, ата-энелер, бүтүрүүчүлөрү менен жашайт, аларсыз ал какыраган ээн чөлдөгү куурап калган жалгыз дарак болуп калат.

Сиздер, урматтуу мугалимдер, койну кенен, бардык жакшылыктарды батырган, бүткүл кыйынчылыктарды алып салган, таза, тунук жана мээримдүү жүрөгү бар, атыңыздар ак кагазга  чоң тамгалар менен башталып жазыла турган адамсыздар. Сиздер өз өмүрүңүздөрдүн эң күчтүү, эң эсте калаарлык мезгилин башкаларды окутууга, тарбиялоого, үйрөтүүгө, адам сабына кошууга арнайсыздар, ал үчүн караңгы түндө да, мээ кайнаткан ысык күндө да ар дайыма жардамга, көмөккө, кол кабышка келесиздер. Андай эң баалуу камкордук жана сүйүү көрсөткөндүгүңүздөр үчүн эч качан бир нерсе сурап да койбойсуздар. Мындай кенендик, мээримдүүлүк, берешендик бир гана Сиздерге, мугалимдерге  гана тиешелүү. Бекеринен орустун улуу жазуучусу Лев Толстой “Мыкты мугалим-бул өзүнө өзүнүн кесибине болгон сүйүүсүн жана өзүнүн окуучуларына болгон сүйүүсүн бириктире алган адам” деп айтпаса керек.

Мен дайыма алган анча көп эмес айлык акыларына топук кылуу менен бу ааламдагы кең пейилдиктин, ыраазы болуучулуктун, алакалашуунун, бир бүтүндүктүн укмуштуудай кайталангыс чөлкөмүн түзө билишкен мугалимдерге таң берем. Алардын ушул жарык жашообуздагы бардык көрүнүштөргө жетишкендиктерине да суктанам, аларга мен өз эмгектери менен адамдарга пайда алып келгенин, жакшы адамдар менен жолугушуп турууларын, жаратылыш менен ынак мамиле түзүүлөрүн, ойлорунда жалаң гана жакшы ойлорду багышканын, адамдарга жана алардын жакындарына кубаныч тартуулаганын кошоор элем. Ушундан улам мугалимдердин жашоосу абдан кызыктуу, көркөмдүү, бактылуу деп айтаар элем.

Мен мугалимди баланын экинчи энеси деп айтып келем. Анткени, ал төрөгөн энесинен кийин балага билим жана тарбия берген экинчи жакын адам болуп саналат. Ал эми мектеп болсо бала үчүн экинчи үй болуп калат, ал бул ыйык билим храмында балалыгынын жана өспүрүм курагынын 11 таттуу жылдарын өткөрөт, акылы жетилет, күчкө толот. Мына ушул жерде ал инсан катары калыптанат, адамдар ортосундагы карым-катнаштын алгачкы сабактарын алат, өзүнүн келечек жашоосунун пайдубалын түптөйт. Ага ушул учурда мугалим жарык берген шам чырак сыяктуу жол көрсөтүп турат. Мугалимдин ушундай зор жана ат көтөргүс ролун биз ар дайыма жагымдуу сөздөр менен айтып турушубуз керек.

Урматтуу кесиптештер!

Быйылкы жылы өлкөнү каптаган COVID-19 пандемиясы билим берүү тармагын бир жагынан оор сыноого кабылтса, экинчи жагынан анын коомдогу өтө зор ролун ачык көрсөттү. Биздин билим берүү системабыз мурда туштугуп көрбөгөн мындай оор кырдаалда тез арада уюшкандык менен бардык иштерди алып баруунун түйшүктүү учурларын баштан кечирди жана ал сыноодон ийгилик менен өтө алды. Аралыктан окутуунун алгоритмдери иштелип чыгып, алар бардык деңгээлдерде ишке ашырылып жатат. Экинчи жагынан билим берүү кандай гана кыйынчылыктар болбосун мамлекеттин жана өлкөнүн артыкчылыктуу тармактарынын боло тургандыгын айгинелей алды. Биздин профсоюздун бардык органдары жана зор активи илдет менен күрөшүүнүн алдыңкы сабында туруу менен кыйын кезеңде калышкан кесиптештерибизге жакындан кол суна алышты, колдон келген жардамдарды көрсөтүштү. Мен тармактык профсоюздун жана жеке өзүмдүн атымдан пандемия учурунда бардык кыйынчылыктарга карабай бел чечпей иштеп жатышкан бардык мугалимдерибизге таазим этип, абдан зор ыраазычылыкты билдиремин.

Майрамдын шааниси ушунда, биз бири-бирибизди куттуктоо менен жакшы ойлорубузду, пикирлерибизди жана каалоолорубузду айтабыз. Мен дагы өлкөнүн бардык мугалимдерине узун өмүр, бекем ден соолук жана үй-бүлөдөгү бакты-таалайды каалайм. Майрамыңыздар менен!

Сиздерди урматтоо менен,

Асылбек ТОКТОГУЛОВ-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана

 илим кызматкерлеринин профсоюзунун

 Борбордук Комитетинин төрагасы