Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Куттуктоо: Абдукахар Арапович 60 жашта

Урматтуу Абдукахар Арапович!

Биз билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин кызматкерлери, райшаарком төрагалары, жаштар кеңешинин мүчөлөрү Сизди бүгүнкү күнү белгиленип жаткан 60 жылдык кутман курак майрамыңыз менен чын дилибизден куттуктайбыз.

Сиз жогорку окуу жайын ийгиликтүү бүтүрүп, алгачкы эмгек жолуңузду катардагы мугалим болуп баштап, мектеп жетекчилигинин бардык баскычтарында ийгиликтүү иштеп, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин төрагасы болуп ийгиликтүү иштедиңиз.

Учурда профсоюздун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы кызматын ийгиликтүү аткарып, билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык–экономикалык кызыкчылыктарын коргоону күжүрмөндүүлүк менен ишке ашырып келе жатасыз, Сиздин бул иште жараткан ийгиликтериңиз бизди да кубандырат.

Профсоюздук коомчулук Сизди иште алдына адам салбаган, терең эрудициялуу, маселенин уңгусун кармай билген, ой-чабыты кенен, өзүнө гана таандык мүнөзү бар, оор-басырыктуу жүрүм-туруму менен башкалардан өзгөчөлөнгөн жетекчи, адамгерчилиги бийик, өз позициясынан тайбаган көкжалдыгы бар инсан катарында билет.

40 жылдан ашык иш-тажрыйбаңыз жалпынын кенчине айланып, жаш кызматкерлерди тарбиялоодо үлгү болуп жаткандыгын, Биз тайманбай айта алабыз.

Убагында эмгегиңиз жогору бааланып, «Кыргызстан Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси, «Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук Комитетинин Ардак грамотасы», «Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Ардак грамотасы», «Кыргызстан профсоюздарына сиңирген эмгеги үчүн» Ардактуу төш белгиси, Жалал-Абад облустук, Сузак райондук мамлекеттик администрацияларынын жана райондук кеңештин «Ардак грамоталары» жана «Сузак районунун Ардактуу атуулу» ардак наамы менен сыйландыңыз. Бул Сиздин ак эмгегиңиздин үзүрү жана жемиши экендигине бардыгыбыз кубанычтабыз.

Биз Сизди бактылуу үй-бүлөнүн атасы, жубайыңыз менен бирдикте неберелерди бапестеп, өстүрүп жаткан чоң ата, таята катарында да билебиз.

Урматтуу Абдукахар Арапович!

Сизди дагы бир жолу 60 жылдык кутман курак маарекеңиз менен куттуктап, бакубат ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайбыз.

Ишиңиз илгерилеп, ийгиликтер бекемделип, аруу максат тилектериңиз ишке аша берсин. Жараткан жар болуп, аброюңуз аска зоодой бийик болсун!

 

 

Жалал-Абад облустук комитетинин кызматкерлери,
райшаарком төрагалары, облустук жаштар
кеңешинин мүчөлөрү.

Жалал-Абад шаары, 15-апрель 2021-жыл