Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Эмгеги татыктуу бааланды

Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер юбилейлик медалдар менен сыйланышты.

Бишкек шаарынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов “Бишкек 145” юбилейлик медалына татыктуу болду.

А.Токтогулов узак жылдар бою шаардагы №5 жалпы орто билим берүү мектебинин директору, шаардык билим берүү башкармалыгынын начальниги болуп үзүрлүү иштеген. Ушул тапта да шаардык билим берүү тармагын жакшыртууга, мугалимдердин эмгектик укугун жана таламын коргоого олуттуу салым кошуп келе жатат.

Бишкек шаарынын мэри Э.М.Абдыкадыров сыйлык ээлерине борбор калаанын өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирип, аларга юбилейлик медалды тапшырды.

Сыйлануучулардын атынан КР мурдагы примьер-министри, Бишкеке шаарынын мурдагы мэри А.Мусалиев, КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов жана башкалар эмгектерин баалагандыгы үчүн Бишкек шаарынын мэри Э.М.Абдыкадыровго ыраазычылыктарын билдиришти.

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети, областтык жана райшаардык комитеттери А. Токтогуловду татыктуу сыйлыгы менен куттукташат жана мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашат.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети