Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кутман курак кут болсун!

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун илимий-изилдөө институтунун директору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Курманбек Сарманович Алыбаев 70 жашка чыгып, окуу жайыбызда кутман курак кызуу белгиленип, иш-чаралар уюштурулууда. ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети кесиптик бирликтин ар бир мүчөсүнүн кубанычына ортоктош болуу менен, ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр.

Алыбаев Курманбек Сарманович - 1952-жылы азыркы Аксы районуна караштуу Кызыл-Туу айылында туулган. Эмгек жолун 1974-жылы азыркы ОшМУнун «Математикалык анализ» кафедрасында окутуучулук кызматтан баштаган. 1996-жылдын июнь айында атайын чакыруу менен Жалал-Абад мамлекеттик университетине келип «Жогорку математика» кафедрасына доценттик кызматка кабыл алынган жана сырттан окуу бөлүмүн жетектеген. 1999-2000-жылдын апрель айына чейин ЖАМУнун ректору кызматын аркалаган. 2001-жылы декабрь айында КР Улуттук илимдер академиясына караштуу Математика институтунун алдындагы адистештирилген кеңеште докторлук диссертациясын коргогон.

Курманбек Сарманович Алыбаев - окумуштуу-аалым катары кыргыз элине эбегейсиз эмгектерди жасап, математика илими жаатында коомго, мамлекетибизге зарыл болгон компетенттүү адистерди даярдоодо өз салымын кошуп, талыкпай эмгектенүүдө.

Урматтуу Курманбек Сарманович! Сизди Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитети чын дилден 70 жылдык кутман курагыңыз менен  куттуктап, “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийине он күндөн эки кишилик жолдомону ыйгарат! Агай, өмүр сапарыңыздагы ар бир кадамыңыз байсалдуу болсун! Жаштардын улуу устаты, шакирттердин кеңешчиси, студенттердин сүйүктүү агайы, үй-бүлөнүн түркүгү болуп узак жашаңыз.

Жетимиш жыл -  жылдар менен тажрыйба гана эмес, бул талбаган эмгек, коомго кошкон зор салым, сый-урмат, сыймык жана акылмандык!

Дагы бир жаш үзөнгүсүн тептиңиз
Жетимиштин кырына эми жеттиңиз.
Балдар менен бал күлкүгө курчалып,
Бак-таалайдын дарыясын кечиңиз.

Дем күчүңүз арыбай, жүз бирде да карыбай,
Ырыс кутту ыроолоп, узак жашай бериңиз!
Дайыма ден соолукта болуңуз!

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети