Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

КУРМАНКОЖОЕВ МУКАМБЕТАЛЫ ЖУНУШАЛИЕВИЧ 70 ЖАШТА!

КУРМАНКОЖОЕВ

МУКАМБЕТАЛЫ ЖУНУШАЛИЕВИЧ

70 ЖАШТА!

 

Биздин урматтуу кесиптешибиз, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Нарын райондук комитетинин төрагасы, профсоюздардын Нарын областтык кеңешинин төрагасы Мукамбеталы Жунушалиевич КУРМАНКОЖОЕВ жаркыраган жай аптабынын жагымдүү күндөрүндө 70 жашка толуп олтурат.

Кесиптешибизге мына ушул айтылуу маракесине карата куттук саптарын арнайбыз.

Урматтуу Мукамбеталы Жунушалиевич! Мына 70 жаш өмүрүңүздүн 53 жылын Мекен үчүн ар кыл кызматтарда өрнөктүү эмгек өтөөгө арнап келе жатасыз. Бул мезгил аралыгында Сиз катардагы жөнөкөй кызматкерден тартып областтык деңгээлдеги жетекчилик кызматтарды ийгиликтүү аркалап, тоолуу аймактын бараандуу кадрларынан болуп калдыңыз. Басып өткөн өмүр жолуңузга көз кыр салсак, 1967-жылы орто мектепти бүтүргөндөн кийин эле Нарын шаарындагы № 4507 борбордук сактык кассада контролер болуп иштеген экенсиз. 1969-1973-жылдары Пржевальск шаарындагы мамлекеттик педагогикалык институтунда орус тили адабияты мугалими адистигине окуп, аны аяктаар менен 1973-1975-жылдары алыскы Ат-Башы районундагы Кызыл- Дыйкан орто мектебинде айыл балдарына сабак берипсиз.

Андан кийинки эмгек сапарыңыз советтик, партиялык, мамлекеттик, маданият, билим берүү, профсоюз тармактарындагы жетекчи кызматтарга арналып келатат. Ат-Башыдагы мектептен кийин 1975-1982-жылдарда эл депутаттарынын Нарын областтык аткаруу комитетинде атайын топтун начальнигинин орун басары, референт, инструктор, бөлүм башчы болуп эмгектенип, кабинеттик оош-кыйыштарды баштан өткөрүп, кагаз ишине такшалып, жетекчиликтин сырларын өздөштүрүп, анан 1982-жылы Кыргызстан КП Нарын шаардык комитетинин жалпы, көп өтпөй агитация жана үгүт иштери бөлүмдөрүндө башчы, 1984-жылдан тарта Кыргызстан КП Нарын областтык комитетинде инструктор болуп кызмат кылдыңыз. Анан партия Сизди маданият

тармагына жетекчилик кызматка жиберип, 1986-1990-жылдарда Муратбек Рыскулов атындагы Нарын областтык музыкалык-драма театрында директорлук кызматты мыкты аткаргандыгыңызды бул мезгилдин аралыгында театр Бүткүл Союздук театрлардын арасындагы социалисттик мелдеште III орунга татып, Кыргызстан КП БКнын, Кыргыз ССР Министрлер Советинин, Кыргызсовпрофтун жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын Өтмө Кызыл Туусу менен сыйлангандыгы жана республикалык ардак тактага илингендиги ачык көрсөтүп турат. Сиз жетектеген жылдары Муратбек Рыскулов атындагы Нарын областтык музыкалык – драма театрынын 50 жылдык юбилейинде Москва шаарында кичи театрда 10 күндүк декада өткөрүлүп, жыйынтыгында 13 артист ар кандай наамдарга татыктуу болуп, Капар Медетбеков СССРдин Эл артисти наамына татыган.

1990-жылдары Кыргызстан КП Нарын шаардык комитетинин партиялык көзөмөлдөө комиссиясынын, кийин Нарын шаардык мүлк фондусунун төрагасы болуп эмгектенип келдиңиз. Сиз 1997-2009-жылдарда Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген жылдары бул тармактын чыныгы командири боло алганыңызды бүтүндөй тармактын кызматкерлери азыр да тамшануу менен айтып келатышат. Мектептерге кошумча имараттарды куруу, алардын айлана-тегерегин тосуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, билим сапатына башкы көңүл буруу, мугалимдердин жашоо шарттарын жакшыртууга жетишүү боюнча көп иштерди жасап кеткениңизди жакшы билебиз. Ошол жылдары райондун гана эмес областтын мектептеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча “прораб” аталганыңыз ага көп эмгек жумшаганыңызды көрсөтүп турат, Сиздин мындай тикелей аракет менен эл аралык гранттардын эсебинен облуста 5 мектептин курулушу бүткөрүлүп, 50 мектептин үстү чатырчаланган. Билим берүүнүн сапатынын жогорулашынын натыйжасында бир канчалаган окуучулар Эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болушкан. Мугалимдердин арасында жетишкендиктер болуп, райондо эки мугалимге Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, үч мугалимге Эмгек сиңирген мугалим ардак наамдары ыйгарылган. 2009-2013-жылдары Нарын райондук Кеңешинин төрагасы болуп иштеген жылдарыңызда Кумтөр кенинин Нарын жергесине тийгизген таасири боюнча көп иштерди жасагансыз.

2013-жылдан бери Сиз биз менен кесиптеш болуп, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Нарын райондук комитетинин төрагасы, БК облустук координатору болуп иштеп жатасыз. Бул жылдары билим берүү кызматкерлеринин мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоонун башында туруу менен бир катар алгылыктуу иштерди аткарып келүүдөсүз. Айрыкча мактоого билим берүү мекемелери жана бала бакчалар үчүн

нускамаларды чыгаргандыгыңызды айтсак болот. Алардын арасында “Билим берүү мекемелеринин ички тартип эрежелери”, “Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиянын жобосу”, “Бала бакчалардын техникалык коопсуздук эрежелери”, “Мектептеги техникалык коопсуздук эрежелери”, “Окуучулар менен иштөөдө өздүк коопсуздукту сактоо жана эмгекти коргоону уюштуруу боюнча класс жетекчилерге усулдук жолдомо” сыяктуу өтө керектүү адабияттар жана нускамалар бар.

2016- жылдан бери Нарын облустук профсоюздар Кеңешине да төрагалык кылып, областтагы профсоюздук ишмердүүлүктү координациялоону алгылыктуу алып келе жатасыз.

Сиз үй-бүлөңүз менен бактылуу жашап жаткан бакубат атасыз жана алты баланы татыктуу тарбиялап, азыр неберелерди эркелеткен учурга келип олтурасыз.

Көп жылдык үзүрлүү эмгек өз баасын алып келе жатат, Сиз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, биздин тармактык профсоюздун отличниги төш белгиси менен сыйлангансыз. Нарын районунун, Нарын шаарынын 5 жолку чакырылыштарында депутат болгонсуз, Сизге ошондой эле Нарын областынын, Нарын районунун, Нарын шаарынын ардактуу атуулу ардак наамдары ыйгарылган. Сиздин төшүңүзгө БКнын “Жылдын Бакайы” ардак тасмасы тагылган. Тармактык профсоюзда кадыр-баркыңыз өтө жогору, уулулар урматтап, кичүүлөр сыйлап турушат.

70 жаш мааракеңиз менен Сизди, урматтуу Мукамбеталы Жунушалиевич, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Сиз катарында турган Борбордук Комитеттин президиумунун мүчөлөрү: Ж.Ташиев, А.Жайнаков, А.Сарыбаев, Ө.Молдокматов, С.Тойгонбаев, И.Афанасьева, Г.Султанбаева, Э.Бектуров, Б.Тыныбекова, А.Исмаилов, З.Бөтөков, Ф.Батырбаева, “Позиция профсоюза” газетасынын башкы редактору А.Адамалиев, Нарын областындагы райшаар жана ЖОЖ төрагалар: А.Темиров, К.Керималиев, Б.Жамантаева, М.Сатындиев, Т.Качкынбаев, К.Өмүрова, башкы эсепчиңиз М.Жээнкулова, Борбордук Комитеттин аппаратынын кызматкерлери, республикадагы облрайшаар, ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттериндеги кесиптештериңиз кызуу куттуктайбыз, Сизге узун өмүр, ишиңизге ийгилик жана бакыт-таалай каалайбыз!