Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Курман айт маарек болсун!

 
Урматтуу билим берүү жана илим тармагынын кызматкерлери!
Ардактуу кесиптик бирлик мүчөлөрү!
 

Кыргыз Республиканын бардык билим берүү кызматкерлерин мусулмандардын эң ыйык майрамдарынын бири болгон Курман айт майрамы менен Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин жана жеке өзүмдүн атыман чын жүрөктөн куттуктаймын!

Бүгүнкү Курман айт майрамы ар бирибизди кайрымдуу болууга, курмандык чалып, жетим-жесирлерге жардам берип, соопчулук иштерди жасоого багыттайт. Ата-бабаларыбызды, жакындарыбызды эскерип, келечекке жакшы ниет кылууга үндөйт.

Кылымдарды карыткан уюткулуу элибиздин уңгусун бекемдеп, ыймандуулукка жана сабырдуулукка чакырат.

Жалпы мусулман жамааты үчүн боорукерликтин, адеп-ахлактын жана ырайымдуулуктун баа жеткис көрүнүшү катары бул улуу майрам мусулмандардын руханий казынасында шек жок өзгөчө орунду ээлейт.

Бакубатчылыкты, байгерчиликти символдоштурган Курман айт майрамы тынчтыкты, жакшылыкты алып келсин жана кыргыз элибиздин биримдигин арттырсын.

Урматтуу кесиптештер, баарыңыздарга жакшылыкты, ырыскылуу жашоо каалайм!

Асманыбыз ачык болуп, мекенибизде тынчтык болсун! Элибизде ар дайым ынтымак жана биримдик орноп, Кыргызстаныбыз тынчтыкта гүлдөп өнүгө берсин!

 

Урматтоо менен,

 
Кыргыз Республикасынын
Билим жана илим кызматкерлеринин
кесиптик бирлигинин
борбордук
комитетинин төрагасы                                                                           А.Токтогулов