Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин кезексиз президиуму

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин кезексиз президиуму 2022-жылдын 26-январда болуп өттү. Президиумдун ишине Борбордук комитеттин мүчөлөрү, анын президиумунун мүчөлөрү жана аймактардагы кесиптик бирликтердин райондук, шаардык комитеттеринин төрагалары жана ЖОЖ, АКООЖ кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары чакырылып, президиум өткөрүлдү.

Борбордук комитеттин кезексиз өткөрүлгөн президиумун, Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогулов ачып, күн тартибине төмөндөгүдөй бир маселени сунуш кылды,“КР Билим берүү жана илим министрлигинин, социалдык өнөктөштүктүн- КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз кийлигишүүсү жөнүндө.

Күн тартибиндеги бул маселе боюнча Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогулов КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдагы 21-январында өткөн кеңейтилген коллегиясында министр Б.Купешевдин айткан оозеки көрсөтмөсүн аткарууну райондук, шаардык билим берүү бөлмдөрүнүн башчыларынан КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин курамынан чыгууну Б.Купешев талап кылып жаткандыгын айтып даттануулар келип түшкөндүгүн белгиледи.

КР Билим берүү жана илим министри Б.Купешевдин мындай иш-аракети КР конституциясына (8-статья), КР Эмгек кодексине (410-статья) жана “Кесиптик бирликтер жөнүндө” КР мыйзамына (4-статья) карама-каршы келет жана КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетининички уставдык жана каржылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө одоно кийлигишүү болуп саналат. Ошондой эле бул Кыргыз Республикасында ратификацияланган Эл аралык Эмгек уюмунун №87 “Ассосациялардын эркиндиги жана уюмдашуу укугун коргоо жөнүндө”, №135 “Ишканалардагы эмгекчилердин өкүлдөрүнүн укуктарын жана аларга берилген мүмкүнчүлүктөрүн коргоо жөнүндө” конвенцияларына жана Эл аралык Эмгек уюмунун 1952-жылдагы “Кесиптик бирлик кыймылдарынын көз карандысыздыгы жөнүндө” резолюциясынын талаптарына каршы келет деп, белгиледи.

Андан кийин президиумдун мүчөлөрү, Борбордук комитеттин мүчөлөрү жарыш сөзгө чыгып өз ойлорун айтып, маселени талкуулашты.

Борбордук комитеттин президиуму жыйынтыгында министр Б.Купешевдин мындай кылган иш аракети КР мыйзамдарына жана Эл аралык уюмдардын ратификацияланган резолюцияларына  каршы болоорун, кесиптик бирликтин мүчөлүгүн мажбурлап чыгаруу, мыйзамсыз экендигин бир добуштан колдошуп, КР Президенти С.Жапаровго, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын жетекчиси А.Жапаровго, КР Улуттук Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин төрагасы К.Ташиевге жана КР Билим берүү жана илим министри Б.Купешевдин өзүнө кат жөнөтүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Борбордук комитет