Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

«КПФнын Бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин Концепциясынын долбоорун түзүү жөнүндөгү» 2 күндүк семинары өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын тармактык профсоюздардын 20 борбордук комитеттеринен,  райондук комитеттерден жана баштапкы кесиптик уюмдардан төрага, төрайымдары  болуп КПФ нын окуу методикалык борбору тарабынан уюштурулган «КПФнын Бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин Концепциясынын долбоорун түзүү жөнүндөгү» 2 күндүк семинары өткөрүлдү. 10-июнда семинардын ачылышында Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы Асанакунов М.А. жана КПФ нын алдындагы  АТиСОнун проректору Абдрахманов К.С. сөз сүйлөштү.

Семинарда КПФ нын төрагасынын орун басары Ж.Осмоналиев семинардын максаты Кыргызстандын профсоюздарынын кесипкөйлүгүн жогорулатууга жана чыңдоого арналгандыгына токтолду. Бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү жана анын негизги максаттары жана принциптери ж.б. каралды.

Ошентип 2 күндүк семинардын аягында ар бир катышуучуга сертификаттар тапшырылды.

 

Материалды даярдаган:

Абдраимова Айша