Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Көнүлдүү эс алып кайтышты

        20 -июньдан 25-июньга чейин Ысык Көлдүн  жээгинде жайгашкан  эс алуу жайында  Билим  илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин  демилгеси  менен Кемин, Аламүдүн, Панфилов  районунун билим  кызматкерлеринин  кесип  бирликтеринин төрайымдары беш күндүк эс  алууга  барышты.

        Эс  алуу кундөрүндө  өзгөчө  Кемин районунан барган профсоюз  мүчөлөрү эс  алуучулардын  маанайларын  ыр- күлкү  менен көтөрүштү. Кемин районунун  эс  алуучулары атайын “Ыр  кесе” Конкурсун өткөрүштү. Кемин  районунан эс алууга  барган  Канкулиев Жаныбек, Калмак Ашуу мектеби, Райымбаева Асел Шабдан орто мектеби, Орловка № 1 орто  мектебинин  мугалимдери Кармышбаева Чолпон, Найзабекова Айгулдүн  аткарган ыр  бийлери  көпчүлүктүн  көнүлүнө өзгөчө  жакты.Ар бир  аткарылган номерлер бий  менен  коштолду. Конкурстун акырында салт  боюнча кезекти Аламүдүн  районунун эс  алуучуларына  тартуулашты.

        Аламүдүн районунан эс  алууга  келген кесип  бирликтеринин  төрайымдары  өз өнөрлөрүн эс  алуучулар  менен  Флеш  МоП  бийлөө   менен  ар  кандай оюн- зоок   ,тамсил,  шарштарды тартуулоо  менен конулдөрдү  көтөрүштү.  Г.З.Жапаракунова, Г. Сыдыгалиева,  Г. Бердиматовалар  аткарган ыр  күүлөр  өз мүдөөсүнө  жетти

        Кийинки  кезекти  алган Панфилов  районунун эс алуучулары кыргыздын  аркан тартыш  оюну менен  атаандаштыкты алып  келди. натыйжада Аламүдүн  районунун эс  алуучулары Кемин  районунан келген эс алуучуларды 2/1 эсеби  менен утуп  алышты.

        Өзгөчө көгүлтүр  Ыссык Көлдүн  жээгинде  уюштурулган  акардеондун  коштоосунда  аткарылган  ыр  күлкүлөр көпчүлүктүн көнүлүн өзүнө бүрду.

        Көл  жээгинде  уюштурулган эс  алууга  көпчүлүк   Билим  илим кызматкерлер  профсоюзунун Борбордук Комитетинин кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.