Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Көйгөйлүү жолугушуу

     6-февраль 2018-жылы  Ысык-Көл облусунун билим берүү кызматкерлеринин  шаардык,  райондук профсоюз  комитеттеринин  төрагалары  КР  билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук  профсоюз комитетинин төрагасы Токтогулов  Асылбек Токтогулович  менен  жолугушушту.

   Жолугушууда   квалификациясын    жогорулатышкан     мугалимдердин   иш   сапар чыгымдарын КР Билим берүү жана илим министрлиги   тарабынан төлөнүүсү  жөнүндө, КР Эмгек Кодексинин 185-186 беренелеринин жана КР Өкмөтүнүн  2013-жылдагы  №302 токтомунда жазылган. Ысык-Көл  облусунун    мугалимдерине  иш сапар чыгымдары  2015- жылдан 2018-жылдын  1-январына   чейин билим берүү министрлиги тарабынан   толук  төлөнбөй    азыркы күндө   4 миллион 115 миң  639 сом акча-каражатын  мугалимдерибиз алалбай жаткандыктары боюнча профсоюздун төрагалары билдиришти.

                 Бул маселе боюнча  КР Борбордук билим жана илим  кызматкерлеринин  профсоюз комитетинин  төрагасы  Токтогулов Асылбек Токтогулович квалификациясын    жогорулатышкан     мугалимдердин   иш   сапар чыгымдары боюнча, республикабыздын аймактарындагы  профсоюз комитеттердин кайрылууларынын  негизинде    КР  билим берүү жана илим министрлигине  2016-жылдын  19-декабрында  №01-5/194 жана  28-декабрында №01-5/204 кайрылуулар жөнөтүлгөндүгүн айтып,  Кайрылууларга КР  билим берүү жана илим министрлигинин  статс катчы  Шадыканов Калыс  Токтосунович кол койгон   2017-жылдын 5-январында №04-7/14   жооп  каты алынган.   Жооп катта  2017-жылдын аягына чейин карызды жоюуу боюнча иштер жүргүзүлөөрү  жазылган, бирок  бул маселе 2017-жылыдын аягына чейин толук  чечилбегендигин айтып,  кайрадан бул маселени  Республиканын калган аймактары боюнча тактоо иштерин жүргузүп,   КР билим берүү жана илим  министрлигинен  талап кылынаарын айттылды. Ошондой эле  КР билим берүү жана илим  министрлигинин  жаңы иштеп жаткан  статс катчысы  Ж.Ташиев  менен  коюлуп жаткан маселе боюнча телефон аркылуу  сүйлөшүлдү.

 

Жети-Өгүз райондук профсоюз  комитетинин төрагасы  Ө.Молдокматов