Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кесиптик бирликтин областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин төрагаларына билдирүү

Урматтуу кесиптик бирликтин областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин төрагалары!

Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө байланышкан текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдардын ар кандай өкүлдөрүнө жана (тармактык министрликтер жана ведомстволор, Салык инспекциясы, Эсептөө палатасы ж.б.) иш берүүчүлөрүнө төмөнкүдөй түшүндүрмө беребиз.

“Кесиптик бирликтер жөнүндө” КР Мыйзамынын 4-беренесине ылайык кесиптик бирликтер өз ишинде көз карандысыз жана КР мыйзамдарына гана баш ийет. Алар мамлекеттик бийлик органдарына, иш берүүчүлөргө, саясий партияларга жана башка коомдук бирикмелерге отчет бербейт жана алар тарабынан көзөмөлдөнбөйт. Кесиптик бирликтердин укуктарын чектөөгө же алардын уставдык ишин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылууга байланышкан ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салат, тескерисинче КР Эмгек кодексинин 33-беренесине ылайык иш берүүчүлөр (социалдык өнөктөштөр) мыйзамдарда, жамааттык келишимдерде (макулдашууларда) берилген укуктарды жүзөгө ашырууда кызматкерлердин өкүлдөрү болгон кесиптик бирлик уюмдарынын иш-аракетин камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө милдеттүү.

“Кесиптик бирликтер жөнүндө” КР Мыйзамынын 7-беренесинде кесиптик бирликтин Борбордук жана Республикалык комитеттери, алардын баштапкы кесиптик бирлик уюмдары жана өкүлчүлүктүү органдары кесиптик бирликтердин республикалык тармактык бирикмелеринин уставдарына ылайык иштей тургандыгы белгиленген. Тармактык кесиптик бирликтер өз ишмердүүлүгүндө мамлекеттик жана чарбалык органдардан, иш берүүчүлөрдөн, саясий жана башка коомдук бирикмелерден көз каранды эмес, аларга отчет беришпейт жана алардын көзөмөлүндө эмес. кКесиптик бирликтин мамилеси алар менен тең укуктуу кызматташтыктын жана социалдык өнөктөштүктүн негизинде курулат. Тармактык кесиптик бирликтердин финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн аудитин тармактык текшерүү комиссиялары жана баштапкы кесиптик бирликтердин текшерүү комиссиялары гана жүргүзө алат.

Ошол эле учурда КР Салык кодексине ылайык салыктарды текшерүү органдары салык милдеттенмелерин аткарылышын камсыз кылуу максатында салык төлөөчүлөрдүн текшерүүсүн жүргүзө турган бирден бир ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Кесиптик бирлик – коммерциялык эмес уюм, аны түзүүнүн максаты пайда табуу эмес. Ошентип, салык инспекциясы тарабынан текшерүүлөрдүн объектиси болуп профсоюздардын акы төлөнүүчү жумушчуларына киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн тууралыгын гана текшерет,ошондой эле эгерде профсоюздук уюмда тиешелүү мүлкү болсо, таштандыга, транспорт каражаттарына ж.б. салыктардын төлөнүшүн гана текшере алат.

“КР Эсеп палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы, республикалык бюджеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджетинин аткарылышы, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы боюнча аудит жүргүзөт. Мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин көбүрөөк үлүшүнө ээ болгон ишканалардын жана уюмдардын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден акча каражаттарын алган жана менчиктин башка түрүнүн чоң үлүшү бар ишканалар менен уюмдар жана бул каражаттарга карата ишмердүүлүгунүн эффективдүүлүгү боюнча аудит жургузөт.

Профсоюздардын финансылык негизин профсоюз мүчөлөрүнүн профсоюздук төлөмдөрү түзөт. Кесиптик бирликтин ишмердүүлүгү үчүн республикалык бюджеттен каражат албайт, андыктан Эсеп палатасы профсоюз уюмдарынын профсоюздук бюджетин текшерүүгө укугу жок.

Ошондой эле, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КР Мыйзамына ылайык, социалдык камсыздандырууну башкаруунун мамлекеттик органы болуп социалдык кызыкчылыктарын коргогон ар бир тараптын тең катышуу принцибинде түзүлгөн Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу системасы (мамлекет атынан КР Социалдык фонду,иш берүүчүлөр жана профсоюздар) боюнча Байкоочу кеңеш саналат.

Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңеш макулдашылган социалдык камсыздандыруу саясатын иштеп чыгууну, ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүнүн кармалышынын жана төлөнүшүнүн тууралыгына финансылык жана юридикалык аудитти жүзөгө ашырат.

Эсеп палатасы жана Социалдык фонд жумушчулардын ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарынан берилген санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолордун берилишинин тууралыгын жана ырааттуулугун гана текшере алат.

Ошентип, профсоюздук уюмдардын финансылык-чарбалык ишин текшерүүгө тармактык текшерүү комиссиялары гана укуктуу. Мамлекеттик салык инспекциясы салыктарды кармоо жана төлөөнүн тууралыгын жана өз убагында аткарылышын текшерет (тактап айтканда, киреше салыгы), Социалдык фонд – социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тууралыгын текшере алат, Эсеп палатасы – мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу жана аткарылышынын эффективдүүлүгүн жана мыйзамдуулугун текшерет. Жогорудагы мамлекеттик органдар төлөмдөрдү эсептөө жана төлөө менен байланышпаган (профсоюздун финансылык-чарбалык ишмердүүлугунун иш кагаздарын) документтерди талап кылууга жана текшерүүгө укуктары жок.

 

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети